Перейти на новый сайт
MegaCom «Досумдун эсебинен чалуу» кызматына өзгөртүү киргизди

MegaCom «Досумдун эсебинен чалуу» кызматына өзгөртүү киргизди.

Эми, абоненттер чалууну кабыл алып жаткан абоненттин каражаттарынын эсебинен чалуу аткара алышат.

27- ноябрдан тарта ишке киргизилүүчү жаңы шарттарга ылайык , *212055ххххххх буйруусу аркылуу баланс жетишсиз болгон учурда дагы (күтүү режиминде ) чалуу аткарууга болот. Жамааттык келишимдин негизинде тейленген корпоративдик абоненттер, аталган кызматтан корпоративдик насыялык номурларында лимити жок калган учурда жана насыялык чектен ашып кеткен учурда пайдалана алышат.

Эске сала кетсек, кызмат кошууну талап кылбайт жана оператордун бардык абоненттерине акысыз көрсөтүлөт. MegaCom абоненттери гана «Досумдун эсебинен чалуу» кызматынын жардамы менен чалууну демилгелеп жана кабыл ала алышат. Толук маалымат менен компаниянын сайтынан таанышууга болот.
 

Сунушталган кызматтар

  • Менталдык жардам

    кызматы

  • «Амедиатека»

    кызматы

  • «Роумингде балансымды толукта»

    кызматы

  • NITRO

    кызматы