Перейти на новый сайт
MegaCom жаңы тейлөө борборлору ишке кирди

MegaCom жаңы тейлөө борборлору ишке кирди

Борбор калаабыздын чыгыш жана батыш бөлүгүндөгү тургундарга ыңгайлуу шарт түзүү максатында, MegaCom компаниясынын сатуу жана абоненттерди тейлөө борборлорунун дагы экөө ачылды:

  • 26-ноябрда: Ден Сяопин көч., 10/14 (“Мега-Клуб” спорт борборунун аймагында, Интергельпонун аймагы);
  • 27-ноябрда: Жибек-Жолу пр. 215/1 (Аламүдүн базары) дареги боюнча.

Тейлөө борборлорунда абоненттерге комиссиясыз балансты толуктоо, чалуулардын деталдоосун алуу, каалаган кызматты кошуу жана компания көрсөтүп келген кызматтар тууралуу кеңеш алуу мүмкүнчүлүгү дайым тартууланат.

“Жаңы салондордун ачылышы – ар бир кыргызстандык каалаган убакта байланыш кызматтарынан пайдалануусуна шарт түзүү максатында, өлкөбүздүн бардык аймактарында тейлөө борборлорун ачуу, MegaCom компаниясынын узак мөөнөттөгү өнүгүү программасынын алкагында ишке ашырылууда”, - деп белгилеп өттү, компаниянын тейлөө бөлүмүнүн жетекчиси Зарема Кулубаева.

MegaCom компаниясынын жаңы тейлөө борборлорунун ачылышы эсте калаарлык көңүлдүү шоу-программа менен коштолду. Мындан тышкары, иш чара алкагында компаниядан ар түрдүү бонустар, белектер жана SIM-карталар таратылды. 26-27-ноябрда жаңы Сатуу жана тейлөө борборлоруна кошумча кызматтарды кошуу жана балансты 50 сом же андан ашык суммага толуктоо үчүн кайрылган абоненттерге компаниянын адистери, тарифтик опцияларды активдештирип берүү менен “Чексиз интернет”, “Чексиз интернет 100” жана “Жеткиликтүү интернет” тарифтик опцияларын милдеттүү түрдө акысыз кошуп беришүүдө. Акция 2013-жылдын 10-декабрына чейин уланат.

MegaCom компаниясынын Сатуу жана тейлөө борборлорунун даректери тууралуу маалыматты компаниянын расмий сайтынан алууга болот.
 

Сунушталган кызматтар

  • 4G LTE

    кызматы

  • «Тыным»

    кызматы

  • «Жакын адамдар»

    кызматы

  • «Роумингде шартсыз каттоо»

    кызматы