Перейти на новый сайт
«Альфа Телеком» ЖАК (MegaCom соода белгиси) 2010- 2013-жылдардын аралыгындагы өсүү динамикасын жарыялайт

«Альфа Телеком» ЖАК (MegaCom соода белгиси) 2010- 2013-жылдардын аралыгындагы өсүү динамикасын жарыялайт

«Альфа Телеком» ЖАК (MegaCom соода белгиси) уюлдук оператордун 2010-2012-жылдардагы жана 2013-жылдын 9 айындагы өнүгүү динамикасын чагылдырган каржылык отчетун жарыялайт.

MegaCom компаниясынын 2013-жылдын 9 айында түшкөн акчасы 6 млрд 33 млн сомду түзүп, өсүү деңгээли 2012-жылдын 9 айына салыштырмалуу болжол менен 6 пайызды, 2011-жылдын 9 айына салыштырмалуу 20 пайызды, 2010-жылдын 9 айы үчүн 44 пайызды түздү.

2013-жылдын 9 айы үчүн Республиканын казынасына төлөнгөн салык түрүндөгү жана башка төлөмдөрү 1 млрд 365 млн сомду түзсө, өсүү деңгээли 2012-жылдын 9 айына салыштырмалуу 24 пайызды, ал эми 2011-жылдын 9 айына салыштырмалуу 29 пайызды жана 2010-жылдын 9 айына салыштырмалуу болжол менен 169 пайызды түздү.

Компания мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алуу менен өлкө казынасына бараандуу салымын кошуп келет. 2013-жылдын 9 айынын ичинде Кыргыз Республикасынын каржы Министрлигинин мамлекеттик казына векселдерин жана Улуттук банкынын ноталарын сатып алуу үчүн 11 млрд 342 млн сом өлчөмүндөгү каражат бөлүнгөн (табл. караңыз).
 

Көрсөткүчтөрдүн аталыштары
2010-жыл 2011-жыл 2012-жыл

2013-жылдын 9 айы үчүн

Түшкөн акча 5 млрд 830 млн сом 6 млрд 910 млн сом

7 млрд 690 млн сом

6 млрд 33 млн сом
КРдин бюджетине чегерилген салык түрүндөгү жана башка төлөмдөр 761 млн сом 1 млрд 303 млн сом 1 млрд 528 млн сом 1 млрд 365 млн сом
Көрсөтүлгөн жылдардын жыйынтыгы боюнча төлөнгөн дивиденддер 260 млн 820 миң сом 541 млн 352 миң сом 663 млн 629 миң сом Жылдын жыйынтыгы боюнча аныкталат
Мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алуу - 1 млрд 700 млн сом - 11 млрд 342 млн сом

Өнүгүү көрсөткүчүнө сереп салууда, акыркы жылдардагы коммерциялык абоненттик базанын өсүшүн өзгөчө белгилөөгө болот, абоненттердин саны 2013-жылдын октябрь айынын аягында 2 миллион 719 миңге жеткен.

MegaCom – Кыргызстандын уюлдук операторлорунун көч башындагы компания. Бүгүнкү күндө, Улуттук мобилдик оператор 2,7 миллиондон ашуун абонентти сапаттуу тейлеп жана байланыш сапатын мындан да жакшыртуу жана каптоо аймагын кеңейтүү максатында Кыргызстандын бардык аймактарында 3G/HSPA/HSPA+/HSDPA стандартындагы байланышты жайылтууда. Жакын арада КРдин аймагында 200дөн ашуун жаңы станциялар курулмакчы. MegaCom компаниясы биринчилерден болуп борбор калаабызды жана Чүй өрөөнүн, башка аймактардын ири шаарларын жана калктуу конуштарын жогорку ылдамдыктагы 3G үчүнчү муун байланышы менен камсыздап келет. Азыркы учурда, компания республикабыздын калктуу аймагын байланыш менен 95 пайызга камтыса, 2015-жылы бул көрсөткүч 100 пайызга чейин жетмекчи.

Улуттук мобилдик оператор жаңы базалык станцияларды орнотуу менен бирге, республиканын түндүгүн түштүк менен бириктире турган була-оптикалык байланыш линиясын курууга өзгөчө маани берип келет. БОБЛ, түштүк аймактагы 3G байланышынын маалымат берүү ылдамдыгын жогорулатуу менен гана чектелбестен, компаниянын негизги баалуулуктарынын негизи болгон абоненттерге көрсөтүлүп жаткан кызматтардын түркүмүн кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.
 

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    Порталы: «Детский» и «Книжный»

  • Услуга

    «4G USB модем MegaCom»

  • Услуга

    «SMS–консультант»

  • Услуга

    Раздай Wi-Fi