Перейти на новый сайт

MegaCom: Эми KCell (Казакстан) абоненттери менен MMS-алмашууга мүмкүнчүлүк түзүлдү

MegaCom: Эми KCell (Казакстан) абоненттери менен MMS-алмашууга мүмкүнчүлүк түзүлдү

MegaCom өз абоненттерине Казакстандын – KCell компаниясынын абоненттери менен мультимедиялык билдирүүлөр (сүйүктүү обондор, сүрөттөр же видео) менен алмашуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөнүн билдирет.

KCell түйүнү Казакстан Республикасынын жалпы аймагын камтуу менен 14 миллиондон ашуун абонентти тейлеп келет. MegaCom абоненттери KCell байланыш тармагынын абоненттери болушкан өз жакындары, достору жана ишкер өнөктөштөрүнө MMS –билдирүүлөрдү жөнөтө алышат.

Мультимедиялык MMS-билдирүүлөрдү жөнөтүү кызматынан MegaComдун каалаган абоненти колдоно алат. Бул үчүн анын телефону GPRS/MMS функцияларын колдоп жана MegaCom түйүнүндө иштөө үчүн тескелген болуусу керек. GPRS/MMS кызматтарынын автоматтык тескөөлөрүнө ээ болуу үчүн MegaCom абоненттери *500 акысыз номуруна чалып коюу жетиштүү. Кошумча маалымат менен компаниянын сайтындагы Билдирүүлөр менен алмашуу бөлүмүнөн таанышууга болот.

Чыккан MMS-билдирүүнүн наркы MegaCom абоненттери үчүн бардык салыктарды эсепке алуу менен 5,89 сомду түзөт.

MegaCom – эл аралык баарлашуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрү.

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    «Легкий шаг в MEGA»

  • Услуга

    MegaCom Wi-Fi

  • Услуга

    «Мобильная зарплата»

  • Услуга

    «MegaMusic»

    icon