Перейти на новый сайт
MegaCom: Жалал-Абадда компаниянын кезектеги Фирмалык салону ачылды

MegaCom: Жалал-Абадда компаниянын кезектеги Фирмалык салону ачылды

Жалал-Абад шаарындагы Нагима Айтматова көч., №28 үй, №5 бөлүмүндө жайгашкан жаңы Фирмалык салон өз кардарларын күн сайын саат 09:00дөн 18:00гө чейин дем алышсыз жана түшкү тыныгуусуз кабыл ала баштады.

Салтка айлангандай эле жаңы ачылган салондун кардарлары үчүн мобилдик белектер тартууланмакчы.

Жаңы Фирмалык салондун ачылышына карата өткөрүлүп жаткан атайын акциянын шарттарына ылайык, 14-16-ноябрь күндөрү жаңы Фирмалык салондон балансын 50 сомдон ашык суммадагы каражат менен толуктаган абоненттер түйүн ичинде 10күнгө берилүүчү 20 акысыз SMSти белекке алышат. Тейлөө борборунан балансты кайрадан толуктаган учурда акысыз SMSтер суммаланып, алардын иштөө мөөнөтү баланс толукталгандан күндөн тарта 10 календардык күнгө узартылат. SIM-картаны сатып алууда ар бир абонентке бонустук топтом -30 акысыз SMS чегерилет.

«Аймактардагы Фирмалык өкүлчүлүктөрдүн санын көбөйтүү менен компания өз абоненттерине жакын болууга умтулат, бул болсо өз кезегинде абоненттер кайсы жерде гана болбосун алардын тейлөөгө жана кызматтарга байланыштуу келип чыккан суроолорун ыкчам чечип берүүгө мүмкүнчүлүк түзөт», - деди, компаниянын тейлөө бөлүмүнүн жетекчиси Зарема Кулубаева.

MegaCom компаниясынын аракеттеги Фирмалык салондорунун даректери менен бул жерден таанышууга болот.
 

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    Футбольный портал

  • Услуга

    «Спасательный круг»

  • Услуга

    «Антиопределитель+»

  • Услуга

    «Чёрный список»