Перейти на новый сайт
MegaCom мобилдик Интернеттин ылдамдыгын 42 Мбит/с чейин жеткирүүдө.

MegaCom мобилдик Интернеттин ылдамдыгын 42 Мбит/с чейин жеткирүүдө.

Мобилдик оператордун тармактын иштөөсүн жакшыртууга байланышкан иштиктүү аракеттеринин негизинде абоненттерибиздин кеңири катмары сапаттуу байланыш жана 42 Мбит/с ылдамдыктагы мобилдик Интернет менен камсыз болуп келишет. Компаниянын техникалык дирекциясынын адистери байланыш сапатын көзөмөлдөө менен заманбап технологиялардын базасындагы кошумча кызматтарды жайылтып келет.

MegaCom уюлдук операторлордун ичинен алгачкылардан болуп үчүнчү муун байланышын киргизгендиги маалым. Бул тармактын ишин бир кыйла жакшыртууга жана 3,75G стандартына өтүүгө өбөлгө түздү. Бүгүнкү күндө техникалык дирекция тарабынан камтуу аймагын кеңейтүү, тармактын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жана сыйымдуулугун арттырууга өзгөчө маани берилип келет.

Октябрь айындагы бул багытта аткарылган иш-аракеттердин жыйынтыгында Ош облусунун Куршаб айылында, Ысык-Көл облусунун Каракол, Чолпон-Ата жана Балыкчы шаарларында мобилдик Интернеттин сапаты жакшырса, Ош облусунун Мырзаке жана көл кылаасынын Бөрү-Баш айылдарынын тургундары ыкчам Интернеттен пайдалана алышат.

Ал эми, GSM түйүнүнүн (2G) сигналынын туруктуу болуп калгандыгын Ош ш. Жана Ош облусунун Мангит айылы, Ысык-Көл облусунун Кереге-Таш, Боз-Бешик, Тоң, Кытай (мурдагы Комсомольское), Конкино, Түп, Тогуз-Булак, Григорьевка, Ак-Дөбө, Михайловка, Балбай айылдарынын жана Каракол шаарынын тургундары сезе алышты. Ысык-Көл облусунун Курбу, Чолпон, Жети-Өгүз (курорт аймагы),Талды-Булак айылдары жана ордолуу Ош жергесинин Октябрь, Чайчы, Ийрек, Үңкүр айылдары жайгашкан аймактар уюлдук байланыш менен камсыз болушту.

Сунушталган кызматтар

  • Постоплатный Интернет-роуминг

    кызматы

  • MEGOGO

    кызматы

  • «Унаа курап ал» суроо-жооп оюну

    кызматы

  • «Туулган күнгө белек»

    кызматы