Перейти на новый сайт

MegaCom келишимдик тейлөөсүнө өтүүнүн артыкчылыктары

MegaCom келишимдик тейлөөсүнө өтүүнүн артыкчылыктары

Эми, тейлөөнүн келишимдик түрүн тандаган MegaCom абоненти кызматтардын бардык түрлөрүнөн гана пайдаланбастан акысыз топтомдор түрүндөгү бонустарга да, б.а. түйүн ичиндеги 20 акысыз мүнөткө, түйүн ичиндеги 50 SMSке же 50 мегабайтка ээ болот. Акысыз бонустар 2013-жылдын 11-ноябрынан 2014-жылдын 1-февралына чейин MegaCom менен келишим түзгөн абоненттерге берилет.

Акциянын артыкчылыктарынан колдонуу жана тейлөөнүн келишимдик формасына өтүү акысыз. Мындан тышкары, жашырын форматтан келишимдик форматка өтүү үчүн абонент MegaCom тармагындагы абоненттик стажын жана бардык кошулган кызматтарын сактап кала алат.

- Келишим түзгөн MegaCom абоненти төмөнкү артыкчылыктарга ээ болот: эсептин деталдоосун алуу, дүйнөнүн 160тан ашуун өлкөсүндө пайдаланууга мүмкүн болгон эл аралык роуминг кызматынан пайдалануу, “Экинчи дем” кызматы боюнча чоң өлчөмдөгү насыя алуу сыяктуу келишимдик абоненттерге гана жеткиликтүү болгон башка кызматтардын түрлөрүнөн да пайдалана алат”, - деп баса белгиледи компаниянын маркетинг бөлүмүнүн жетекчиси Мирлан Карабукаев.

Кантип өтүү керек?

Тейлөөнүн келишимдик формасына өтүү үчүн MegaCom абоненттери компаниянын каалаган Сатуу жана тейлөө борборлоруна же дилер-өнөктөштөр түйүнүнүн Фирмалык салондорунун бирине кайрылса болот. Өзү менен паспортунун болушу жетиштүү. Кызыктырган суроолор боюнча 0555 50 00 00 же *500 номурлары аркылуу MegaCom компаниясынын Кардарларды колдоо кызматына кайрылууга болот. Компаниянын абоненттерине жана катталган тармактарга чалуу акысыз. Толук маалыматты компаниянын расмий сайтынан алууга болот.

Сунушталган кызматтар

  • «Номер алмашуу»

    кызматы

  • «Досумдун эсебинен чалуу»

    кызматы

  • «Чалуулардын деталдоосу»

    кызматы

  • E-mail дарекке деталдоо

    кызматы