Перейти на новый сайт
MegaCom Сатуу жана тейлөө борборлорундагы «SMS Бонус» акциясы

MegaCom Сатуу жана тейлөө борборлорундагы «SMS Бонус» акциясы

MegaCom компаниясы Баткен, Жалал-Абад жана Талас шаарларындагы Сатуу жана тейлөө борборлорунун уюшулган күндөрүн утурлай атайын акция уюштуруп, абоненттерине жагымдуу маанай тартууламакчы!

«SMS Бонус» акциясынын жүрүшүндө аталган борборлордон балансын 50сомго же андан ашык суммага толуктаган абоненттерге түйүн ичиндеги акысыз SMSтер тартууланат. Акция ноябрь айынын алгачкы күндөрүндө өткөрүлөт:

2013- ж.-2-ноябры – Баткен;
2013-ж. 4-ноябры - Жалал-Абад;
2013-ж. 6- ноябры – Талас.

– MegaCom Сатуу жана тейлөө борборлорунун адистери ар бир абонентти кучак жайып тосуп алышат: Абоненттер тейлөө борборлорунан келишим түзүп, SIM-картаны калыбына келтирип, чалуулардын деталдоосун алып, балансты комиссиясыз толтуруп же жөн гана мобилдик Интернетти кошо алышат. Компания адистери байланыш кызматынын колдонуучуларын кызыктырган бардык суроолор боюнча кеңеш беришет, - деп белгилей кетти компаниянын тейлөө бөлүмүнүн жетекчиси Зарема Кулубаева.

Акция тууралуу толугураак маалыматты MegaCom Сатуу жана тейлөө борборлорунан алууга болот. Саат 9:00 дөн 18:00гө чейин дем алышсыз жана тыныгуусуз иштейт. Бардык Сатуу жана тейлөө борборлорунун даректери компаниянын сайтында жайгаштырылган.

Сунушталган кызматтар

  • «MegaComдон SMS/PUSH-жөнөтмө»

    кызматы

  • Конференц-байланыш

    кызматы

  • «Суу кемелериндеги роуминг»

    кызматы

  • «Ассистент»

    кызматы