Перейти на новый сайт
Мобилдик сабаттуулук сабактары

Мобилдик сабаттуулук сабактары

MegaCom уюлдук оператору бүгүнкү күндүн жигердүү Интернет колдонуучуларына залал келтирүүчү жагдайлардын алдын-алуу жана кибердүйнөнун коопсуздугун камсыз кылуу максатында «Мобилдик сабаттуулук сабактары» долбоорун ишке киргизди. Демилге мектеп окуучуларына улуттук байланыш, базалык станциялар, электромагниттик толкундардын нурлануусу, мобилдик жүрүм –турум, мобилдик шылуундуктун алдын-алуу тууралуу кеңири маалымат берүүгө багытталган. Мисалы, MegaCom компаниясы жыл сайын телефондук шылуундуктун миңдеген фактыларын каттайт.

Жылдыз Мамытова, компаниянын PR-бөлүмүнүн жетекчиси компаниянын «Мобилдик сабаттуулук сабактары» долбоору тууралуу учкай кеп сала кетти:
- ЭЭУнун «Интернет коопсуздугуна коркунуч келтирүү» (ИМПАКТ) 2013-жылдагы отчету көрсөткөндөй, 2012-жылы коркунуч туудурган жагдайлар 30 пайызга көп катталган болсо, телефондорго зыян алып келүүчү программалык каражаттардын көлөмү 58 пайызга өскөн. Өткөн жылы дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүндөгү 550 млн. ашуун пайдалануучулары ар түрдүү формадагы кибер кылмыштуулукка дуушар болуп, 50 пайызы 13төн 17 жашка чейинки курактагы жаш өспүрүмдөр болуп чыккан. MegaCom улуттук мобилдик операторунун аталган долбоору, Кыргызстандын мектеп окуучуларын мобилдик алдамчылык жолдору жөнүндө маалымдоого жана кылмыштык тенденцияларынын алдын алууга багытталган.

Телефон аркылуу алдамчылыкты алдын алуу максатында MegaCom уюлдук оператору өлкөбүздүн калк арасында, айрыкча мектеп окуучулары үчүн иш-чараларды байма-бай өткөрүп келет. Алдамчылыктын белгилүү жолдору, мектеп окуучулары үчүн даярдалган презентация менен компаниянын расмий сайтынан таанышууга болот.
 

Сунушталган кызматтар

  • «Сенин номуруң» жана «Номурду брондоо»

    кызматы

  • Онлайн-кинотеатр START

    кызматы

  • MEGOGO

    кызматы

  • «Кийин төлөнүүчү роуминг»

    кызматы