Перейти на новый сайт

MegaCom: Сатуу жана тейлөө борборлорунда SIM-карталардын наркы төмөндөдү

MegaCom: Сатуу жана тейлөө борборлорунда SIM-карталардын наркы төмөндөдү

Кыргызстандын алдыңкы уюлдук оператору, Сатуу жана абоненттерди тейлөө борборлорунда SIM-карталардын наркынын арзандагандыгы тууралуу маалымдайт. 2013-жылдын 21-октябрынан тарта “Базалык” тарифтик планын жана 25 сом баштапкы балансын камтыган SIM-картанын наркы болгону 25 сомду түзөт.

MegaCom компаниясынын коммерциялык бөлүмүнүн директору Руслан Мамыров:
“Абоненттерибизди ыңгайлуу байланыш менен камсыз кылуу дайыма компаниябыздын көңүл борборунда турат. SIM-картанын наркын эки эсе азайтуу чечими абоненттердин ыңгайлуулугун көздөгөн кезектеги кадам болгондугу шексиз. Муну менен биз кардарларыбызга тандоо эркиндигин сунуштамакчыбыз. Эми, компания абоненттери MegaComдун каалаган тарифтик планын тандап жана акысыз кошо алышат”.

MegaCom абоненттери «Сенин номуруң» кызматынын жардамы менен номурун алмаштыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Өзү каалаган номурду тандап алуу үчүн *250*055Ххххххх# чакыруу буйруусун терүү жетиштүү. Кызматтар жана кызматты кошуу тууралуу толук маалымат компаниянын сайтында жайгаштырылган.

MegaCom – абоненттерге көрүлгөн максималдуу камкордук!

Сунушталган кызматтар

  • «La-La Music»

    кызматы

  • «MegaComдон SMS/PUSH-жөнөтмө»

    кызматы

  • «I’m OK»

    кызматы

    im OK 1
  • «MegaCom 4G Wi-Fi роутери»

    кызматы