MegaCom маалымдайт
Урматтуу абоненттер, байланыш сапатын жогорулатуу максатындагы техникалык жабдууларды кубаттандыруу иштерине байланыштуу (үн трафиги, SMS, MMS - билдирүүлөр, GPRS жана 3G ылдамдыгын жогорулатуу) бүгүн, 23-октябрда, төмөнкү аймактарда тармактын иштөөсүндө убактылуу мүчүлүштүктөр болушу күтүлүүдө:
- Ош облусунун Ош шаарындагы Исанов жана Привокзальная көчөлөрү жана Мөнөк айылы;
- Ысык-Көл облусунун Балыкчы жана Бөрү-Баш айылдары;
- Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон жана Кызыл-Жар айылдары жана тоо-кен комбинаты, Жалал-Абад шаарындагы Пушкин көчөсү жайгашкан аймактар камтылат.
Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.
Урматтоо менен, MegaCom компаниясы.