Перейти на новый сайт
“Мega Бонус” лоялдуулук программасынан жаңы белектер

“Мega Бонус” лоялдуулук программасынан жаңы белектер

MegaCom алдыңкы уюлдук оператору "Mega БОНУС” лоялдуулук программасына жаңы бонустардын киргизилгендиги тууралуу маалымдайт.

Эгерде мурда "Mega БОНУС” программасынын катышуучулары топтолгон баллдарын мүнөттөргө, SMS же интернет-трафик топтомдоруна алмаштырып келишсе, эми “Эл аралык БОНУС 5+” акысыз мүнөттөр топтомунун алкагында Орусия, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Түркия багыттары боюнча акысыз чалуу мүмкүнчүлүгү пайда болду. Маселен, аталган өлкөлөргө чалуу үчүн топтолгон 200 баллды эл аралык акысыз 10 мүнөткө алмаштырууга болот.

MegaCom абоненти байланыш кызматтарынан пайдаланганына жараша баллдарды бонустук кызматтарга алмаштыра алат. Себеби, өзүнүн эсебинен сарпталган ар бир 10 сом үчүн абоненттин эсебине кезектеги балл кошулуп турат.

Ал эми кошулуу маалында абонентке берилүүчү саламдашуу 30 баллы программанын жагымдуу өзгөчөлүгү экени шексиз. Программада катышуу үчүн MegaComдун абонентине *5555*1# акысыз буйруусун терүү жетиштүү. “Mega БОНУС” программасы тууралуу толук маалыматты күнү-түнү *550 номуру (MegaCom абоненттери үчүн чалуу акысыз) боюнча жана компаниянын расмий сайтынан алууга болот.

Бонустук программанын рестайлинги абонентттер үчүн бир катар ыңгайлуулуктарды киргизүүгө мүмкүнчүлүк түздү. 2013-жылдын 21 –октябрынан тарта баллдарды алмаштыруудан кийинки бонустук топтомдорду активдештирүүнүн мөөнөтү азаят,б.а. 10 мүнөткө чейинки убакытты түзөт. Мындан тышкары, баллдарды мүнөттөрдүн, SMS жана Mb интернет-трафиктин бонустук топтомдоруна алмаштыруунун саны суткасына 30га чейин жетет. Кошумчалай кетсек, бир календардык ай үчүн топтолгон каражаттын 200 сомго барабар болгон минималдуу чегине жетпеген учурда абоненттердин бонустук эсебинен баллдарды чыгаруу жана баалоо тартиби, баллдарды бонустук топтомдорго жана баллдарды алмаштыруунун баштапкы суммасына алмаштырууну жокко чыгаруу тартиби күчүн жоготту. Ушуга байланыштуу минималдуу чекке жетпей калгандык тууралуу үзгүлтүксүз келип туруучу маалымдоочу жөнөтмө алынып ташталды.

MegaCom «Mega БОНУС» бонустук программасы – АКЫСЫЗ мүнөттөр, SMS жана Mb ай сайын!
 

Сунушталган кызматтар

  • «MegaCom 4G USB модеми»

    кызматы

  • «Сенин номуруң» жана «Номурду брондоо»

    кызматы

  • «Mega USSD»

    кызматы

  • Төмөн баланс тууралуу автомаалымдагыч

    кызматы