Перейти на новый сайт

MegaCom каптоо аймагын жана сыйымдуулугун кеңейтүү иштерин улантууда

MegaCom каптоо аймагын жана сыйымдуулугун кеңейтүү иштерин улантууда

MegaCom уюлдук оператору, 2013-жылдын сентябрь айында өлкө аймагында тармактын техникалык өнүгүүсүнө багытталган иштердин жыйынтыгын чыгарууда. Компаниянын техникалык адистери каптоо аймагын жана тармактын сыйымдуулугун арттыруу максатында төмөнкү калктуу конуштарда тармакты оптималдоо иштерин жүргүзүшкөн:

Жалал-Абад облусунун Кош-Болот айылында;
Баткен облусунун Кан, Рават, Сай, Сары-Талаа, Тунук-Суу, Жаңы-Турмуш айылдарында;
Ош облусунун Кожо-Келен, Кочкор-Ата, Кремль айылдарында;
Ысык-Көл облусунун Туура-Суу жана Төрт-Көл айылдарында.

Аталган иштерди жүргүзүүдө компания адистери өздөрүнүн техникалык эсептөөлөрүн гана эмес, компаниянын дарегине келген абоненттердин кайрылууларын жана табыштамаларын эске алышкан. Ал эми төмөнкү аймактарда каптоо аймагын кеңейтүү иштеринен тышкары, түйүндүн сыйымдуулугун арттыруу жана өткөрүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү иштери жүргүзүлгөн:
Ош облусунун Нойгут айылында;
Жалал-Абад облусунун Ак-Дөбө, Алма-Бел, Кара-Тектир, Кыргыз-Гава, Беш-Бадам айылдарында;
Баткен облусунун Кара-Токой айылында.

Күн санап өсүп келе жаткан абоненттердин санын туруктуу мобилдик Интернет менен камсыз кылуу максатында, төмөнкү аймактарда болсо UMTS стандартындагы жаңы базалык станциялар ишке киргизилген:
Ош облусунун Жапалак, Гүлбахор, Орке айылында;
Нарын облусунун Кара-Күңгөй жана Кочкор айылдарында.
Чүй облусунун Ильичевское, Ысык-Ата, Теплые Ключи жана Чоң-Курчак айылдарында 3G түйүнүнүн каптоосун жакшыртуу иштери жүргүзүлгөн.

Мобилдик байланыш тармагынын өнүгүүсү эки негизги маселени чечүүгө багытталган: республикабыздын аймагында базалык станциялардын туруктуу сигналын камсыз кылуу жана көрсөтүлүп жаткан байланыш кызматтарынын сапатын жакшыртуу. Компаниянын миллиондогон абоненттерине сапаттуу жана үзгүлтүксүз байланыш кызматтарынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн тартуулоо үчүн компания тарабынан техникалык кайра жабдуу иштеринде дүйнөдөгү белгилүү өндүрүүчүлөрдүн заманбап жабдуулары пайдаланылууда.
 

Сунушталган кызматтар

  • «Интернет роуминг»

    кызматы

  • «Маанай»

    кызматы

    icon
  • «Суу кемелериндеги роуминг»

    кызматы

  • Футбол порталы

    кызматы