Перейти на новый сайт

MegaComдон Micro-SIM-карта

MegaComдон Micro-SIM-карта

MegaCom компаниясы 2012-жылдын январь айынан тарта, Apple iPad жана iPhone, Nokia N9, LG U880 ж.б. жаңы үлгүдөгү айрым телефондордо пайдаланылуучу Micro-SIM-карталарды сатыкка чыгарды.

Буга чейин бардык уюлдук телефондор жана башка мобилдик түзмөктөр стандарттык SIM-карталар менен иштеп келген. Биз адаттагыдай SIM-карта деп атаган карталар mini-SIM деп аталат. Micro-SIM-карталар болсо өзүнүн көлөмү менен айырмаланып, атайын Apple iPad жана iPhone түзмөктөрү үчүн иштелип чыккан.

Стандарттык же Micro-SIM-картаны компаниянын каалаган Сатуу жана абоненттерди тейлөө борборлорунан сатып алууга болот. Мындан тышкары, зарыл болгон учурда компания адистери стандарттык SIM-картаны кесип, көлөмүн кичирейтип бере алышат.

Сунушталган кызматтар

  • «Сени издейм»

    кызматы

  • «Номурду аныктабоо +»

    кызматы

  • «Сен кайдасың?»

    кызматы

  • «Ата-Эне көзөмөлү»

    кызматы