Перейти на новый сайт

MegaCom GPRS жана 3G роуминги кулач жаюуда

MegaCom GPRS жана 3G роуминги кулач жаюуда

MegaCom компаниясы коңшулаш өлкөлөрдүн б.а. Казакстандын «КаР-Тел» жана Өзбекстандын Unitel байланыш операторлорунун тармагында GPRS жана 3G роуминги киргизилгендиги тууралуу өз абоненттерине маалымдайт. Бул кызмат аркылуу жакындарыңыз жана кесиптештериңиз менен баарлашуудан тышкары, мобилдик Интернет, WAP жана MMS кызматтарынан да пайдалансаңыз болот.

GPRS жана 3G роуминги менен MegaCom абоненттери өз мекенинде колдонуп жүргөн кызматтарынын бардыгынан пайдалана алат.

«Кайсы гана жерде болбосун абоненттерин үзгүлтүксүз байланыш менен камсыз болуусун көздөгөн компания MegaCom роуминги жеткиликтүү болгон өлкөлөрдүн санын көбөйтүүгө орчундуу маани берип келет. Бүгүнкү күндө, кийин төлөнүүчү роуминг кызматынан колдонууга мүмкүн болгон өлкөлөрдүн катарын Монако, Нигерия өлкөлөрүнүн Bouygues Telecom жана ETISALAT байланыш тармактары толуктаса, ал эми Молдованын Moldcell SA уюлдук операторунун тармагында абоненттерибизди байланыш менен камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулуп жатат », - деген ойлору менен бөлүшө кетти роуминг жана интерконнект бөлүмүнүн жетекчиси Раушан Белекова.

Роуминг кызматы боюнча толук маалымат www.megacom.kg расмий сайтында жайгаштырылган.

MegaCom – жаңы мүмкүнчүлүктөр убактысы.

Сунушталган кызматтар

  • «Маанай»

    кызматы

    icon
  • «Mega USSD»

    кызматы

  • «Номер алмашуу»

    кызматы

  • «Онлайн роуминг» топтомдору

    кызматы