MegaCom маалымдайт
Урматтуу абоненттер, байланыш сапатын жогорулатуу максатындагы техникалык жабдууларды кубаттандыруу иштерине байланыштуу (үн трафиги, SMS, MMS - билдирүүлөр, GPRS жана 3G ылдамдыгын жогорулатуу) бүгүн, 9-октябрда, төмөнкү аймактарда тармактын иштөөсүндө убактылуу мүчүлүштүктөр болушу күтүлүүдө:
- Ош облусунун Ош шаарындагы насос заводу, бажыкана жана автобаза аймагы, Исанов көчөсү, Кара-Суу районундагы №71мектеп жана Кара-Суу шаарынын Железнодорожная көчөсү;
- Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын Гагарин көч., Каракол шаарындагы Курманалиев көч., Балыкчы шаарындагы 40 лет Киргизии көчөсү жана Каракоо айылы жайгашкан аймактар камтылат.
Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.
Урматтоо менен, MegaCom компаниясы