Перейти на новый сайт

MegaCom ордолуу Ош калаасынын тургундарын Шаар күнү менен куттуктады.

MegaCom ордолуу Ош калаасынын тургундарын Шаар күнү менен куттуктады.

Быйыл Кыргызстандын түштүк борборунун уюшулганына 3013 жылдын жүзү болду. Бул майрамды утурлай, өткөн аптанын дем алыш күндөрүндө, Ош шаарында салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Шаар тургундарынын кубанычын тең бөлүшкөн MegaCom уюлдук оператору майрамды өткөрүүгө өнөктөш болуп, жагымдуу белектерин даярдаган.

Бир күн бою «Ош- менин сыймыгым!» баннери тагылган учак көктө кайкып учуп, миңдеген ажайып куттуктоо баракчаларынын ажайып жамгыры шаар тургундарынын жана меймандарынын маанайын көтөрүп, майрамга өзгөчө түс берип турду.

Майрамдык кеч театралдык оюн-зоок программа менен улантылып, лазердик шоу, бий кечеси, фейерверк менен коштолду. Атайын футболкалар, күмүш номурлар, ыкчам интернетти камсыздаган MegaCom USB модемдеринен турган белектер уюлдук оператор тарабынан бардыгына тартууланып жатты.

Ош шаарынын 30 миңден ашуун тургуну жана меймандарынын эстен кеткис көз ирмемдерине ортоктош болгон компания, адаттагыдай эле, жогорку деңгээлдеги байланыш менен үзгүлтүксүз камсыз кылып жатты.

Шаардын туулган күнү – калаа тургундарына чыныгы белек тартуулоо үчүн ыңгайлуу убакыт. MegaCom мындай ыңгайлуу учурду колдон чыгарган жок!

Сунушталган кызматтар

  • «SIM-меню»

    кызматы

  • «Онлайн роуминг» топтомдору

    кызматы

  • «Мобилдик которуу»

    кызматы

  • «Даректөөгө тыюу салуу»

    кызматы