Перейти на новый сайт
MegaCom базалык станциялар боюнча пресс-тур уюштурду

MegaCom базалык станциялар боюнча пресс-тур уюштурду

MegaCom уюлдук оператору ММК өкүлдөрү жана социалдык тармактардын жигердүү блоггерлери үчүн, 3G ылдамдыгын өлчөө жана электро-магниттик нурлануу толкунун ченөө максатында, базалык станциялар боюнча пресс-тур уюштурду.

Бишкектеги базалык станциялардын биринде уюлдук оператордун техникалык адистери базалык станциянын иштөөсү жана техникалык жаңылануунун жыйынтыктары туурасында кеңири маалымат беришип, чогулгандар MegaCom USB-модеминин жардамы менен секундасына 21 Мбит болгон жана интернет-сайттардан видеофайлдарды көз –ачып жумгуча көрүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн ыкчам мобилдик интернетке күбө болушту.

Токмок шаарында журналисттер аймактагы эң ири базалык станциянын иши менен таанышып, компания адистери базалык станция Токмок шаарын жана чектеш аймакты борбор калаа менен байланыштыра тургандыгын белгилей кетишти. Ал эми, электр жарыгы өчкөн маалда иштеген дизелдик генератор байланышты үзгүлтүккө учуратпайт.

Уюлдук операторлордун базалык станцияларынан чыккан электромагниттик нурлануу толкуну адамдын ден соолугуна зыяндуубу? – деген суроо көпчүлүктүн көңүл борборунда тургандыктан, журналисттер ага жооп алуу үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин санитардык-эпидемиялык көзөмөл департаментинин адиси Жаныбек Арзыкуловго кайрылышты.

Өз кезегинде, Жаныбек Арзыкулов стандарт талаптарына жооп берген аспаптын жардамы менен базалык станциянын айланасындагы электромагниттик талааны өлчөй кетти. Үч диапазон боюнча ченеген учурда бир диапазондо нурлануу өлчөмү 2 микроватты түзүп, экинчи жана үчүнчү диапазондогу радиотолкун нурлануусун кошуп, жалпылаштырганда, орто эсеп менен үчөөндө 4,5 микроват болуп чыкты. Бул нормадагы 10 микроваттан алда канча төмөн дегендикти билдирет, демек адамдардын ден-соолугуна эч кандай зыянсыз, б.а. кооптонууга негиз жок.

Компаниянын базалык станцияларынын саны 7 жыл ичинде 1400гө жетти. Телекоммуникация тармагында заманбап жабдууларды колдонуу менен MegaCom өз абоненттерин үчүнчү муун байланышы менен камсыз кылып келүүдө, келечекте уюлдук оператор тарабынан төртүнчү муундун LTE байланышы сунушталмакчы.

Сунушталган кызматтар

  • «Унаа курап ал» суроо-жооп оюну

    кызматы

  • «Роумингде шартсыз каттоо»

    кызматы

  • «Балдарга» жана «Китеп» порталдары

    кызматы

  • Чалууну күтүү жана кармап туруу

    кызматы