MegaCom маалымдайт
Урматтуу абоненттер, байланыш сапатын жогорулатуу максатындагы техникалык жабдууларды кубаттандыруу иштерине байланыштуу (үн трафиги, SMS, MMS - билдирүүлөр, GPRS жана 3G ылдамдыгын жогорулатуу) бүгүн, 2-октябрда, төмөнкү аймактарда тармактын иштөөсүндө убактылуу мүчүлүштүктөр болушу күтүлүүдө:
- Ош облусунун Ош шаарындагы «Пекин» мейманканасы, «Анар» кичирайону, Рашид Юнусов көч., 19, Исанов көч., 9а жана насос заводу, бажыкана аймагы;
- Жалал-Абад облусунун Масадан айылындагы № 44 мектептин аймагы ;
- Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын Гагарин көч., 26, Каракол шаарындагы Курманалиев көч.,163, «Бугу» ЖЧКсы, Балыкчы шаарындагы жылытуучу жабдуулар жайгашкан аймактар камтылат.
Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.
Урматтоо менен, MegaCom компаниясы