Перейти на новый сайт

MegaCom Эл аралык карылар күнү менен улуу муундун өкүлдөрүн куттуктады

MegaCom Эл аралык карылар күнү менен улуу муундун өкүлдөрүн куттуктады

MegaCom уюлдук оператору Эл аралык карылар күнү менен ардагерлерди куттуктады, жыл сайын карылар күнүн көңүл сыртында калтырбай келген компания, Бишкек шаарынын ардагерлерине ордо калаадагы Сейтек борборунда белектерин тапшырып, чакан концерттик программа туртуулады.

“Сиздер өлкөнүн келечегине жана гүлдөп өсүшүнө зор салым кошуп, азыр болсо, бизге алысты көрө билген акыл-насаатыңарды жана кеп-кеңешиңерди айтып келесиздер. Сиздерге колдоо көрсөтүп, жардам берүү, бул биздин бирден-бир биринчи милдетибиз болуп саналат”, - деп компаниянын башкы директору Азат Базаркулов белгиледи.

MegaCom компаниясынын жетекчисинин куттуктоо сөзүнөн кийин улуу муундун өкүлдөрүнө эки миң сомдон материалдык жардам тапшырылды. Уюлдук оператор колдоого алган, Улуу Ата-мекендик согуштун 1000 ардагерине, жылына эки жолу 9-май жеңиш күнүндө жана карылар күнүнө карата акчалай белек берүү каралып, анын суммасы 4 миллион сомду түзөт. Бул жолу адаттагыдай эле ар бир кары адамга эки миң сомдон тапшырылды, компаниянын колдоосун алып келген облустардагы улуу адамдарга болсо, уюлдук оператордун кызматкерлери белегин үйлөрүнө жекирип беришүүдө.

Ири бизнес өлкөнүн социалдык көйгөйлөрүнө көңүл бөлүп, коомдук турмушта жигердүү иш алып баруу учурдун талабы экенин түшүнүү менен MegaCom компаниясы билим берүү, спорт, маданият, саламаттыкты сактоо жана башка бир катар тармактарда жеке долбоорлорун ишке ашырып келет.

Сунушталган кызматтар

  • Онлайн-кинотеатр START

    кызматы

  • «Чалуулардын деталдоосу»

    кызматы

  • «Кийин төлөнүүчү роуминг»

    кызматы

  • «MegaMusic»

    кызматы

    icon