Перейти на новый сайт
MegaCom компаниясы II ички корпоративдик Олимпиадасын өткөрдү

MegaCom компаниясы II ички корпоративдик Олимпиадасын өткөрдү

MegaCom алдыңкы уюлдук оператору компаниянын кызматкерлери арасында II Олимпиада оюндарын өткөрдү. Мындай оюндар компания жамааты үчүн салтка айланып калгандай.

Таймаш спорттун 10 түрү боюнча өткөрүлүп, компаниянын аймактык өкүлчүлүктөрүн кошкондо бардыгы болуп 413 кызматкер катышты. Спорт оюндарынын салтанаттуу расмий жабылышы “Көңүлдүү старттар” түрүндө болуп, көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулады. Жеңүүчүлөргө жана күйөрмандардан турган эң мыкты топко кубоктор, күбөлүктөр жана белектер тапшырылды.

“Компаниянын кызматкерлери спорттук мелдештерге билек түрө катышып, намысын колдон чыгарбай келет. MegaCom компаниясы, өз кезегинде, кызматкерлеринин спорт жаатындагы демилгелерине колдоо көрсөтүп турат жана ийгиликтери менен сыймыктанат”, - дейт өз маегинде компаниянын башкы директору Азат Базаркулов.

 

Компания ар кыл спорттук долбоорлорду колдоо менен гана чектелбестен, өзүнүн жеке мисалында мекендештерин сергек жашоого үндөп келет. Сөзүбүзгө аралжы, сентябрь айынын башында, MegaCom Ысык-Көлдө өткөн XIII эл аралык спорттук оюндарында мини-футбол боюнча 45 жаштан жогорку курактагы оюнчулардын арасында чемпиондук наамга ээ болду.

 

MegaCom: спорт, сергек жашоо жана чемпиондор үчүн!

Сунушталган кызматтар

  • «Чалуулардын деталдоосу»

    кызматы

  • «SIM-картаны алмаштыруу жана калыбына келтирүү»

    кызматы

  • Роумингдеги абоненттер үчүн маалымат

    кызматы

  • «SIM-меню»

    кызматы