Перейти на новый сайт

MegaCom компаниясынын колдоосу менен Талас шаарынын стадионунда оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү

MegaCom компаниясынын колдоосу менен Талас шаарынын стадионунда оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү

Талас шаарындагы Эшим Кутманалиев атындагы борбордук стадионду оңдоп-түзөө иштери аяктады. Улуттук уюлдук оператордун «Mega Футбол» спорттук долбоорунун алкагында заманбап талаптарга ылайык жаңыртылган стадион спорт күйөрмандарынын купулуна толду.

Майрамды утурлай өткөрүлгөн салтанатка райондук жана облустук мамлекеттик администрациялардын, спорттук комитеттердин жана КРдин футбол Федерацияларынын өкүлдөрү катышты. Мекенибиздин эстрада жылдызы Мирбек Атабеков, Non Stop дуэти жана Well’be бий тобу чогулгандардын майрамдык маанайына ортоктош болушту. Жергиликтүү таланттардан куралган «Кыял Кеч» тобу да меймандардан кем калышпай өз өнөрлөрүн көрсөтүп жатты. Салтанаттуу азем кызыктуу конкурстар жана оюн-зооктор менен коштолду.

MegaCom билим берүү тармагына жана спорт чөйрөсүнө өзгөчө көңүл бурууда. «1989-жылы курулган стадионду оңдоп-түзөө жумуштарын жүргүзүү үчүн 600 миңден ашуун каражат жумшалган. Аталган стадион спорт ордосуна айланып, келечекте ири спорттук иш-чараларды өткөрүү үчүн ыңгайлуу шарт түзүп бере тургандыгы шексиз», - деп белгилей өттү өз сөзүндө MegaCom компаниясынын башкы директору Азат Базаркулов.

КРдин Эгемендүүлүк Күнүнө карата, футбол оюну боюнча Талас шаарынын жана Талас районунун мектеп окуучуларынын ортосунда VI турнир өткөрүлдү. Оюнчулар бирдей упайга ээ болушту. Мелдештердин катышуучуларына кубоктор, атайын байгелер, мектеп окуучулары үчүн китеп баштыктары тартууланды.

Компания Талас жергесин көз жаздымда калтырбай келет. «Mega Билим» долбоорунун алкагында ачылган 11 компьютердик классты, компания тарабынан камкордукка алынган 107 Улуу Ата Мекендик согуш ардагерин жана Покровкадагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын үй-интернатын мисал келтире кетүүгө болот.

Фоторепортаж

Сунушталган кызматтар

  • Шашылыш маалымдоо буйруусу

    кызматы

  • «Спорт порталы»

    кызматы

  • «MegaCom 4G Wi-Fi роутери»

    кызматы

  • «MegaMusic өзү үчүн»

    кызматы

    icon