Перейти на новый сайт

«Mega Билим» билим берүү долбоорунун I этабы аяктоо алдында

«Mega Билим» билим берүү долбоорунун I этабы аяктоо алдында

Мобилдик оператор билим берүү багытындагы жеке долбоорун ишке ашырып келет.Бүгүнкү күндө, "Mega билим" долбоору 130 орто мектепти кучагына алды. Мектептерге орнотулуп жаткан ак компьютерлер менен бирге эле компьютерлерге өңдөш эмеректер, USB-модем, SIM – карта, эркин программалык камсыздоо жана 1 жылдык кепилдик берилет.

Компания инженерлери тарабынан информатика мугалимдери үчүн 3-5 күндүк тренингдер уюштурулат. Жакын арада долбоор алкагындагы 143 мектептин бардыгы компьютерлер менен жабдылмакчы.

Токтоосуз өнүгүп жаткан информациялык технологиялар кылымында, компания мектептерди көз жаздымында калтырбай, окуучуларды заманбап техника менен камсыздап келет. Долбоордун II этабы оператор тарабынан компьютерлер менен камсыз болгон мектептерге окутуунун интерактивдүү ыкмаларын жайылтуу менен коштолмокчу.

MegaCom социалдык – жооптуу каржылоо саясатын алдыңкы орунга коюу менен, келечек муундун заманга үндөш кадам таштоосуна өз салымын кошуп келет.«Mega Билим» долбоорун жайылтуудагы алгачкы саамалык катары, Нарын облусунун Жан-Булак айылындагы А.Жутакеев атындагы мектепти мисал келтирүүгө болот. 2011-жылдын сентябрь айынан тарта ишке киргизиле баштаган долбоор ООНдун алдындагы ЭЭУнун колдоосуна татыды. Аталган уюмдун “Айыл-кыштактарды бириктиребиз-мектептерди бириктиребиз” аттуу долбоорун ишке ашырып келет.

Сунушталган кызматтар

  • NITRO

    кызматы

  • Менталдык жардам

    кызматы

  • «Маанай»

    кызматы

    icon
  • Ишенимдүү төлөм

    кызматы