Перейти на новый сайт

MegaCom “Адам өмүрүн сактайлы!” кайрымдуулук акциясын өткөрөт

MegaCom “Адам өмүрүн сактайлы!” кайрымдуулук акциясын өткөрөт

MegaCom компаниясы Бишкек шаарынын Тез жардам көрсөтүү станциясы менен биргеликте “Адам өмүрүн сактайлы!” деген аталыштагы кайрымдуулук SMS-акциясын өткөрөт. Дары-дармектерди жана заманбап медицина жабдууларын сатып алууга каражат топтоого багытталган бул акцияга мекендештеринин өмүрүнө кайдыгер карабаган MegaComдун ар бир абоненти катыша алат. “0103” кыска номерине SMS билдирүү жөнөтүү менен, абонент чөнтөк телефонундагы эсебинен Бишкектин тез жардам көрсөтүү станциясынын эсебине 20 сом өлчөмүндө каражат которо алат.

“Тез жардам станциясынын дарыгер-реаниматологу Егор Борисовдун үстүбүздөгү жылдын апрель айында болуп өткөн TEDx конференциясында жасаган баяндамасы “Адам өмүрүн сактайлы!” акциясын кайрадан өткөрүүгө түрткү болду. Айлык маянасынын аздыгына карабай, адам өмүрүн сактоону жашоодогу максатына айландырып алган дарыгердин татыктуу өмүр жолу конференциянын катышуучуларын кайдыгер калтырган жок көрүнөт», - деп белгиледикомпаниянын PR-бөлүмүнүн жетекчиси Жылдыз Мамытова.

Буга чейин, компаниянын тез жардам станциясына көрсөткөн каржылык көмөгүнүн аркасында, станцияда эмгектенген өмүр сакчылары атайын кийим-кече, алгачкы жардам көрсөтүүгө керектелүүчү жабдуулар менен камсыз болушкан.

Бул мисалдар абоненттерибиздин кайрымдуулук демилгелерди көз жаздымда калтырбагандыгынан, мекендештерине карата болгон камкор мамилесинен кабар берип турат. Сөзүбүзгө аралжы, Жеңиш Күнүнө карата, 1945 кыска номуруна билдирүү жөнөтүү менен, MegaCom компаниясынын абоненттеринин жардамы менен беш жүз миң сомдон ашуун каражат топтолуп, Топтолгон акча каражаттары «Кызыл жылдыз», Даңк Ордендеринин кавалерлерине, Каармандык жана Майдандагы эрдиги медалдарынын ээлерине таркатылып берилгендигин айта кетүү ашыкча болбостур. Акциянын жыйынтыгы боюнча толугураак маалыматты компаниянын сайты аркылуу алууга болот.

Сунушталган кызматтар

  • Постоплатный Интернет-роуминг

    кызматы

  • «Mega USSD»

    кызматы

  • «Жакын адамдар»

    кызматы

  • «Мага кайра чал»

    кызматы