Перейти на новый сайт
MegaCom Кубогу үчүн III Турнир

MegaCom Кубогу үчүн III Турнир

Өткөн ишембиде,мобилдик оператордун "Mega Футбол” спорттук долбоорунун алкагында, MegaCom Кубогу үчүн кезектеги мелдеш болуп өттү.

        

КРдин Футбол Федерациясынын футболдук аянтчасында өткөрүлгөн, иш-чара, мамлекеттик түзүмдөрдүн өкүлдөрүнүн катышуусунда, мамлекеттик кызматкерлер күнүнө карата өткөрүлүп, сергек мүнөздөгү жашоону жана спортту жайылтуу максатын көздөдү. ФИФАнын эл аралык деңгээлдеги калыстары, Азия футбол конфедерациясынын өкүлдөрү Рыспек Шекербеков, Дамир Жаныбеков, Ерошенко Юрий жана Iкатегориядагы калыс Денис Шалаев калыстык кылган бул футболдук таймашта президенттик аппараттын, өкмөттүн, Жогорку Кеңештин, мамлекеттик түзүмдөрдүн, уюлдук оператордун жетекчилигинин жана ММКнын өкүлдөрү ат салышты.

Мелдештин жыйынтыгы боюнча, I орунду Жогорку Кеңештин, II орунду КРдин министрликтердин жана башка мекемелердин жетекчилигинен турган курама командасы, III орунду КРдин өкмөт Аппаратынын командалары ээледи. Жеңүүчүлөр кубоктор жана сертификаттар менен сыйланышып, “Мыкты дарбаза коргоочу”, “Мыкты чабуулчу” жана “Мыкты оюнчу” аныкталды. Бардык оюнчулар MegaCom компаниясынын азем белектери менен сыйланышты.

Компания спорттук долбоорун ийгиликтүү ишке ашырып, Кыргызстандын спорт тармагында өткөрүлүп келе жаткан ири спорттук иш-чаралардын дээрлик бардыгына өз бараандуу салымын кошуп келүүдө.

Сунушталган кызматтар

  • E-mail дарекке деталдоо

    кызматы

  • "Телефон кайда?"

    кызматы

  • Онлайн-кинотеатр START

    кызматы

  • «Mega24» мобилдик тиркеме

    кызматы