Перейти на новый сайт

Бөбөктөрдүн дартына даба болуучу «MegaCom аллеясы»

Бөбөктөрдүн дартына даба болуучу «MegaCom аллеясы»

MegaCom уюлдук оператору, 1-июнга карата, Эне жана баланы коргоо борборунун аймагындагы «MegaCom аллеясынын» курулушун толугу менен аяктады. Айланасы жашылдандырылып, таштаман төшөлгөн, үстү жабык отургучтар, эс алууга ылайыкташтырылган чатырча орнотулган аллеяны компаниянын экологиялык долбоорунда каралгандай кооздолду. Дарыланып жаткан бөбөктөрдү майрамы менен куттуктап, белектерди тартуулоо менен компания жаш жеткинчектердин ден соолугуна кам көрүп, өлкө келечегине кайдыгер карабай тургандыгын дагы бир ирет далилдеди.

Салтанаттуу иш-чара КРдин саламаттыкты сактоо министринин орун басары Марат Калиевдин, аталган мекеменин башкы адиси Айгүл Бообекованын, Эне жана баланы коргоо борборунун директору Камчыбек Узакбаевдин жана MegaCom компаниясынын директору Азат Базаркуловдун катышуусу менен өтүп, салтка айланган кызыл тасма кесилип бакча салтанаттуу түрдө ачылды.

Кичинекей бейтаптар шаңдуу концертке күбө болуп, ар түрдүү оюндар жана конкурстарга катышып, жаңы аллеяны түркүн түстөргө кооздоо менен алек болуп жатышты. Мындан тышкары, уюлдук оператор тарабынан ар бир бөбөккө пластилиндер, баш катырма оюнчуктар жана шарлар берилди. Бөбөктөрдүн бактылуу көз ирмемдерин чагылдырган фотобаяндаманы уюлдук оператордун социалдык түйүндөрдөгү расмий баракчасынан көрсөңүздөр болот.

Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата, уюлдук оператор, Талас облусунун Покровка айылындагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды реабилитациялоочу үй-интернатына, Жалал-Абад облусундагы психоневрологиялык үй-интернатына жана Нарын облусундагы “Ак-Байрак” майыптарды жумушка орноштуруу жана социалдык колдоо көрсөтүү борборуна даректүү каржылык жардам берди.

Маалымат катары: 2012-жылдан тарта MegaCom компаниясы Эне жана баланы коргоо борборун колдоп келет. Бул медициналык мекемеден жылына 100 000ге жакын кичине бейтаптар дарылануудан өтөт. Жер күнүнө карата компаниянын кызматкерлеринин жана “Нурмээайса” балдар үйүнүн тарбиялануучуларынын күч-аракети менен өткөн жылы 300 түп, быйыл болсо 111түп жашыл бак-дарак көчөттөрү: шуу, сирень, ак чечек, туя бактары тигилип, 9 үстү жабык отургучтар орнотулганын белгилей кетүүгө болот.

Сунушталган кызматтар

  • SMS-жөнөтмөдөн баш тартуу

    кызматы

  • «Кийин төлөнүүчү Интернет роуминг»

    кызматы

  • MegaTV

    кызматы

  • «MIX үн порталы»

    кызматы