Перейти на новый сайт

MegaComдун “Алдын ала төлөнүүчү роуминг” кызматы Тажикстанда

MegaComдун “Алдын ала төлөнүүчү роуминг” кызматы Тажикстанда

Өз абоненттеринин ыңгайлуулугун көздөгөн алдыңкы уюлдук оператор, 2013-жылдын 31-майынан тарта Тажикстандын TCELL ири операторунун тармагында да “Алдын ала төлөнүүчү роуминг” кызматын ишке киргизгендиги тууралуу билдирет. Ал эми, 2013-жылдын 15-мартынан баштап алдын ала төлөнүүчү роуминг кызматынан Babilon-Mobile байланыш операторунун тармагында пайдаланууга шарт түзүлгөн.

Коңшулаш Тажикстан республикасына сапар тарткан MegaCom абоненттери өз мобилдик номурун алмаштырбастан, эсебинде 500 сому болгон учурда да MegaCom уюлдук операторунун кызматтарынан пайдаланып, аталган кызматтын артыкчылыктарын баамдай алышат.

“Чет өлкөдө жүргөн MegaCom компаниясынын абоненттеринин ыңгайлуулугу үчүн биз “Алдын ала төлөнүүчү роуминг” кызматын ишке киргиздик. Бул болгону гана чоң саякаттын башталышы. Жакынкы арада, абоненттерибиз MegaComдун мындан да ыңгайлуу роуминг кызматтарынан пайдалана алышат. Компаниянын абоненттерди тейлөө борборлорунун адистери кызматты кошууга жана арызды толтурууга дайым жардам беришет”, - деп айтып өттү, Роуминг жана интерконнект бөлүмүнүн жетекчиси Раушан Белекова.

“Алдын ала төлөнүүчү роуминг” кызматты тууралуу толук маалыматты компаниянын расмий сайтынан алууга болот.

Сунушталган кызматтар

  • «Ачык эсеп. Эскертүү чеги»

    кызматы

  • «Сен кайдасың?»

    кызматы

  • «Толукта жана утуп ал» викторинасы

    кызматы

  • «Маанай»

    кызматы

    icon