Перейти на новый сайт
MegaCom “Үнөмдүү роуминг” жаңы кызматын ишке киргизди

MegaCom “Үнөмдүү роуминг” жаңы кызматын ишке киргизди

MegaCom компаниясы өз абоненттерине өлкө ичинде гана эмес, мекенинен алыс жүргөн учурда да ыңгайлуу гана баарлашууну сунуштап келет.

“Үнөмдүү роуминг” жаңы тарифтик опциясы Германия, Казакстан, Украина, Түркия, Франция, Улуу Британия, Египет жана башка өлкөлөрдө кирген чалууларга мүнөтүнө 5 сомдон болгон бирдиктүү бааны сунуштайт. Аталган опция, роумингде жүргөн абонентке, кирген чалуулар үчүн, 200 сом өлчөмүндөгү белгиленген төлөм менен 7 күнгө жеңилдик алууга шарт түзөт.

“Үнөмдүү роуминг” тарифтик опциясына *1456*1#чакыруу буйруусун терүү же 1456 номуруна билдирүү жөнөтүү аркылуу кошулууга болот. Опция MegaComдун бардык тарифтик пландарында жеткиликтүү.

“Роумингдеги кирген чалууларга берилген жеңилдиктерден пайдалануу менен, саякат кылуу маалында жакындарыңыз жана досторуңуз менен өзүңүзгө көнүмүш болгондой, б.а. каалагандай баарлаша аласыз”, - деп белгиледи, MegaCom компаниясынын маркетинг департаментинин жетекчиси Мирлан Карабукаев.

Тарифтик опция жана жеңилдетилген тарифтөөдөн пайдаланууга мүмкүн болгон өлкөлөрдүн толук тизмеси менен компаниянын расмий сайтынан таанышууга болот.

 

Сунушталган кызматтар

  • 4G LTE

    кызматы

  • «Интернет роуминг»

    кызматы

  • Мегажөнөтмө

    кызматы

  • «I’m OK»

    кызматы

    im OK 1