Перейти на новый сайт

MegaCom Ош жергесинде кезектеги фирмалык салондорун ачуу алдында

MegaCom Ош жергесинде кезектеги фирмалык салондорун ачуу алдында

Абоненттерине ыңгайлуу шарттарды түзүп берүүнү көздөгөн MegaCom компаниясы тарабынан Ош облусунда дагы эки фирмалык салон ачылмакчы. 30-май күнү музыка жана жагымдуу сырбелектер менен коштолгон иш-чара Ош шаарынын Амир-Тимур кичирайонунда, ал эми 31-майда Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылында болуп өтөт.

Компания республиканын кайсы гана жеринде болбосун өз абоненттерин көз жаздымда калтырбай, аларга сапаттуу байланыш кызматтарын көрсөтүүгө умтулат: балансты толтуруу, сим-картаны калыбына келтирүү, «Роуминг» кызматын кошуу ж.б. MegaCom фирмалык салондорундагы кесипкөй адистер компания көрсөткөн байланыш кызматтарынын түрлөрү боюнча толук маалымат беришет.

Салондордун ачылыш аземине карата, үч күн аралыгында жаңы фирмалык салондорго келип, балансын 50 сомго же андан ашык суммага толуктаган ар бир абонентке MegaCom компаниясы 10күн ичинде түйүн ичинде пайдаланууга мүмкүн болгон 20 акысыз SMS тартуулайт! Ал эми, SIM-карта сатып алган абоненттерге 30 акысыз SMS берилет. Эгерде абонент үч күндүн ичинде жаңы фирмалык салондон балансын толуктаган болсо, акысыз SMSтердин суммасы кошулуп, иштөө мөөнөтү балансты акыркы жолу толуктаган күндөн тарта дагы 10 календардык күнгө созулат.

Белекке берилген бонустан 10 күндүн ичинде пайдаланууга болот. Эгерде бонустук SMSтер акыркы жолу балансты толуктагандан кийин 10 күндүн ичинде пайдаланылбаса, бонус автоматтык түрдө күйүп кетет. Бонустун абалын *505#чакыруу буйруусун терүү аркылуу текшерүүгө болот.

Ош шаарындагы ачыла турган жаңы фирмалык салон Амир-Тимур кичирайонундагы Садриддин Айни көчөсүндө, ал эми жана Гүлчө айылында болсо автобекет аймагындагы Нарматов көчөсүндө жайгашат. Фирмалык салондор, жекшемби күндөн тышкары, күнүгө 9:00дөн 18:00гө (түшкү тыныгуусуз) чейин өз абоненттерин күтөт.

Сунушталган кызматтар

  • MegaCloud булутта сактагычы

    кызматы

  • Төмөн баланс тууралуу автомаалымдагыч

    кызматы

  • «SMS–кеңешчи»

    кызматы

  • Алдын ала төлөө картасынын статусун текшерүү

    кызматы