Перейти на новый сайт

«Mega Билим» долбоорунун алкагында Бакай-Ата конушундагы билим уясы компьютерлер менен жабдылды.

«Mega Билим» долбоорунун алкагында Бакай-Ата конушундагы билим уясы компьютерлер менен жабдылды.

Бул күндөрү өлкөбүздүн бардык мектептеринде окуу жылынын аяктагандыгын кабарлаган коңгуроо үнү жаңырды. Коңгуроо үнүн коштой кирип келген жайкы эс алуу күндөрү Бишкек шаарындагы Бакай-Ата конушунун №85 орто мектебинин окуучулары үчүн өзгөчө кубаныч тартуулады. Аталган мектеп, 24-майда, «Mega Билим» долбоорунун алкагында заманбап компьютерлер менен жабдылды.

Компаниянын коммерциялык бөлүмүн жетектеген Руслан Мамыров чогулгандарга өлкө боюнча 119 мектепке компьютердик класстын ачылгандыгы, ал эми 24 мектептин өз кезегин күтүп жаткандыгын айтты. 

     

«MegaCom мекенибиздин ири компанияларынын катарын толуктап, уюлдук операторлорунун көч башында болуу менен Кыргызстандын туруктуу өнүгүшүнө өз салымын кошуп келет. Сапаттуу жана ыңгайлуу байланыш кызматын көрсөтүүдөн тышкары, компания көптөгөн социалдык долбоорлорду ишке ашырууда. Бүгүн «Mega Билим» силердин мектебиңердин босогосун аттады, бул саамалык сиздер үчүн жаңы технологиялардын, жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн дүйнөсүнө чыйыр салат»- деп баса белгиледи Руслан Мамыров.

Маалымат технологиялар заманында мезгилге шайкеш кадам шилтеген уюлдук оператор жаш жеткинчектердин келечегине кайдыгер карабайт.

Сунушталган кызматтар

  • «Даректөөгө тыюу салуу»

    кызматы

  • «Туулган күнгө белек»

    кызматы

  • «4G Wi-Fi Wingle MegaCom»

    кызматы

  • «Маанай»

    кызматы

    icon