Перейти на новый сайт
MegaCom “Балдар – биздин келечегибиз” акциясынын жыйынтыгын чыгарууда

MegaCom “Балдар – биздин келечегибиз” акциясынын жыйынтыгын чыгарууда

Балдарды коргоо күнүн утурлай, MegaCom уюлдук операторунун кызматкерлери “Балдар – биздин келечегибиз” акциясын өткөрүштү. Компания өз камкордугуна алган балдар үйлөрүнө материалдык жардам берүү менен гана чектелбестен, тарбиялануучулардын билимге, көркөм өнөргө, чыгармачылыкка умтулуусуна өбөлгө түзүп, ар тараптуу колдоо көрсөтүп келет.

Долбоор Талас облусунун Кызыл-Сай айылындагы Чалдовар мектеп-интернатында, Жалал-Абад облусунун Октябрь айылындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы №1-балдар үйүндө жана Ысык-Көл облусундагы Теплоключенка айылындагы Ак-Суу балдар үйүндө тарбияланган 500дөн ашуун балдарды өз кучагына алды. Ар бир мастер- класста балдар үйлөрүнүн тарбиячылары да катышып, пластилинден түрдүү фигура, мончоктор менен аппликация жасоо, фитобасма, чүркө төшөө, декупаж, актёрдук чеберчилик, ораторлук жана өзүн- өзү коргоо өнөрлөрү камтылган чыгармачылык процесске көз салуу менен кээ бир багыттарды өздөрүнүн тарбиялоо программаларына кошууну пландаштырышты.

«Биз бөбөктөргө жаңы адамдар баарлашуу мүмкүнчүлүгүн тартуулап, өз колдору менен кызыктуу буюмдарды жасоону үйрөтүү менен алардын жан-дүйнөсүндө ишенимдин отун тутандырууга, күчтүү эрк жана эмгекти сүйүү аркылуу гана максатына жетүүгө боло тургандыгын түшүндүрүүгө аракет жасадык. Балдардын көздөрүнөн байкалган кызыгуунун, жаңы нерсе үйрөнүүгө болгон умтулуунун учкундары биздин аракеттерибиздин теке кетпегендигинен кабар берет», - дейт өз сөзүндө корпоративдик байланыштар бөлүмүнүн башчысы Жылдыз Мамытова.

Өзүн-өзү коргоо боюнча өткөрүлгөн мастер-класстар жаш жеткинчектердин көңүлүнө төп келип, өзгөчө таасир калтырды. “Баатырдын атын алыстан ук жанына келсең бир киши” демекчи, спорттук машыгуулардын MegaCom компаниясында эмгектенишкен, жамаатташтарынын арасында сый-урматка ээ болуп келе жатышкан кикбоксингдин WBKF жана W5 версиясынын К-1 бөлүгү боюнча Азия жана Европанын Интерконтиненталдык чемпиону Алексей Федосеев, таэквондо боюнча Азия чемпиону, спорттун аталган түрү боюнча эл аралык класстагы спорт чебери, жайкы Олимпиада оюндарынын эки жолку катышуучусу Расул Абдураим, КР ИИМдин атайын багыттагы отрядынын тажрыйбалуу аскери, КР ИИМдин кызматкерлеринин арасындагы оксуз кармашуу боюнча чемпион Мукаш Жүнсаев тарабынан өткөрүлгөндүгү чогулгандар үчүн өзгөчө жагымдуу белек болду.

Компаниянын кайрымдуулук жана социалдык ишмердүүлүгү туруктуу мүнөздө болуп, компаниянын корпоративдик стратегиясынын бөлүгү болуп саналат жана компаниянын баалуулуктарын чагылдырат.

Сунушталган кызматтар

  • «Mega USSD»

    кызматы

  • «Номурду кайрадан каттоо»

    кызматы

  • Сервистик жана шашылыш кызматтар

    кызматы

  • «Спорт порталы»

    кызматы