Перейти на новый сайт

MegaCom туулган күнүнө карата белектерди тартуулайт!

MegaCom туулган күнүнө карата белектерди тартуулайт!

2013-жылдын 28-апрелинде MegaCom компаниясы туулган күнүн 7-жолу белгилейт.

Бул күнгө карата, компаниянын Сатуу жана абоненттерди тейлөө борборлорунун бардыгында (СТБ), компаниянын абоненттери үчүн уттурбас утуш оюндары өткөрүлөт. Утуш оюнуна катышып, белек ээси болуу үчүн, жекшемби күнү, компаниянын каалаган СТБсына келип, балансты 50 сомго же андан ашык суммага толуктап, адистердин жардамы менен кызматтардын бирин кошуп, бактылуу утуш билетин чыгаруу жетиштүү. Сиз жөнөкөй же күмүш номурун камтыган жаңы SIM-картанын, акысыз мүнөттөрдүн, SMSтин же Интернет-трафиктин ээси боло аласыз.

Биринчи улуттук уюлдук оператор 7 жашка толду. Бул жылдар аралыгында көп нерселерге жетиштик: туруктуу сапаттуу байланыш, ири шаарларды гана эмес алыскы аймактарды да каптаган ири байланыш түйүнү, тейлөө борборлору жана бир катар дилердик тарамдар ишке кирген. Компания республиканын ири салык төлөөчүлөрүнүн жана меценаттарынын көч башында келе жатат.

- Бардык көндүмдөрдүн пайдубалы түптөлдү жана жаңы бийиктиктерди багындырууга даярбыз. Өлкө боюнча 2,5 миллиондон ашуун абонент!Жөнөкөй сөз менен айтканда, ар бир экинчи кыргызстандык MegaComду тандайт, демек – бул күнү ар бир экинчи мекендешибиз майрамдык маанайыбызга ортоктош боло алат!”, - деп белгиледи, компаниянын башкы директору Азат Базаркулов.

MegaCom, тарифтөөнү улуттук валютада, EDGE технологиясынын негизиндеги мобилдик интернетти, чет өлкөлүк мобилдик операторлор менен MMS-алмашууну киргизген алгач уюлдук оператор. Кесипкөй команданын күч-аракети менен , Кыргызстандын уюлдук байланыш тармагынын ишмердүүлүгү ийгиликтер менен коштолуп келет. Компания байланыш тармагына кадам шилтеген маалда, мобилдик байланыш республика боюнча 10 пайыздан бир аз гана жогору болсо, бүгүнкү күнү Кыргызстандын маалымат-коммуникациялык технология базарындагы мобилдик байланыш 74,1 пайызды түзөт. 

Алдыңкы уюлдук оператор жаңы кызматтарды, жогорку сапаттагы тейлөөнү, туруктуу байланышты, ачык жана ыңгайлуу тарифтерди сунуштап келет.

MegaCom – сениң мобилдик операторуң!

Сунушталган кызматтар

  • «Мага кайра чал»

    кызматы

  • «MegaCom 4G USB модеми»

    кызматы

  • «La-La Music»

    кызматы

  • «MEGAга жеңил кадам»

    кызматы