Перейти на новый сайт
Эл аралык Жер күнү MegaCom менен

Эл аралык Жер күнү MegaCom менен

Дүйнө жүзү боюнча салттуу түрдө Эл аралык Жер күнү 22-апрелде белгиленет. MegaCom компаниясынын жамааты, өтүп кеткен дем алыш күндөрү, Жер күнүнө карата Бишкектеги Эне-баланы коргоо улуттук борборунун аймагын (“Жал” кичи районундагы оорукана) жашылдандыруу боюнча кезектеги иш-чараны өткөрдү.

            

Ландшафттык дизайнга ылайык бул жылы 111 жашыл бак-дарак, анын ичинде шуу, сирень, ак чечек, туя бактары тигилген. Мындай мүнөздөгү алгылыктуу демилге компаниянын бардык аймактык бөлүмдөрүндө да колго алынган. 2013-жылдын 20-апрелинде, Нарын, Талас, Каракол, Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында, муниципалдык бөлүмдөргө тиешелүү чөлкөмдөрдү тазалоо боюнча ишембиликтер өткөрүлгөн.

Кайрымдуулук акциясы, ички жана тышкы корпоративдик социалдык жоопкерчилик саясатын ишке ашыруунун алкагында, экологиялык маданиятты өнүктүрүү жана жайылтуу максатында өткөрүлгөн. Меценат-компаниянын жамааты менен бирге, волонтёрлорду керектүү шаймандар менен камсыздаган “Зеленстрой” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери акцияга катышты.

Маалымат: 2012-жылдан тарта MegaCom компаниясы Эне-баланы коргоо улуттук борборун колдоого алган. Бул медициналык мекемеде жылына Кыргызстандын жана Борбордук Азиянын 100 000ге жакын ымыркайлары дарылануудан өтөт. Өткөн жылы Жер күнүнө карата, компаниянын кызматкерлери жана “Нурмээайса” балдар үйүнүн тарбиялануучулары биргелешип 300 жашыл бак-дарак көчөттөрүн отургузуп, алардын 90 пайызы бүчүр байлаган. Мындан тышкары, компания Медицина кызматкеринин күнүнө карата кичинекей бейтаптардын тез айыгуусу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында, оорукананын алдында 9 үстү жабылган отургучтарды орноткон.

1-июнь – балдарды коргоо Эл аралык күнүнө карата, Эне-баланы коргоо улуттук борборунда “MegaCom Аллеясы” демилгесинин алкагындагы куруу иштери толугу менен аяктамакчы.

Сунушталган кызматтар

  • Төмөн баланс тууралуу автомаалымдагыч

    кызматы

  • «La-La Music»

    кызматы

  • «Сен кайдасың?»

    кызматы

  • «Учурдагы Баланс» кызматы

    кызматы