Перейти на новый сайт
Bishkek Park-да MegaComдун жаңы тейлөө борбору ачылды

Bishkek Park-да MegaComдун жаңы тейлөө борбору ачылды

Өз абоненттеринин ыңгайлуулугун алдыңкы орунга койгон MegaCom компаниясы, Сатуу жана абоненттерди тейлөө борборлор түйүнүн күн санап көбөйтүүдө. Маселен, өткөн аптада ишке кирген “Bishkek Park” соода-көңүл ачуучу борборунда жайгашкан, MegaCom компаниясынын жаңы Сатуу жана абоненттерди тейлөө борборунун салтанаттуу ачылышы, 2013-жылдын 28-мартында көптөгөн кыргыз эстрада жылдыздарынын жана атайын чакырылган меймандардын коштоосунда өттү.

Жандуу концерт аяктаган соң, майрамдык шаан-шөкөттүн коштоосунда катышуучулар арасында “559” уникалдуу тарифтик планын камтыган SIM-карта ойнотулду. Атайын өткөрүлгөн акциянын алкагында аныкталган, “Сөз Чебери” тарифтик планынын эң активдүү пайдалануучуларына сыйлыктар тапшырылды. Башкы байге - Samsung GT-I9100 Galaxy S II уюлдук телефонунун ээси болуп Калыбек Нуркожоев табылган. “Мен MegaCom компаниясы ачылган күндөн тарта улуттук байланыш операторунун кызматтарынан колдонуп келем. Мындай мыкты белек үчүн терең ыраазычылыгымды билдирем”, - деп, Компаниянын Коммерциялык директорунун колунан өз сыйлыгын алып жатып жаңы смартфондун ээси айтып өттү.

Айтмакчы, акция алкагында Кыргызстандын бардык облустарындагы жети эң активдүү абонентти заманбап телефон-коммуникаторлор күтөт.

“MegaCom компаниясы өз абоненттерине дайым жакын болууга умтулат. Эми кинодон же зарыл нерселерди сатып алуудан кийин балансты толуктоо, компанияга тиешелүү башка суроолорду ыкчам чечүү ыңгайлуу болуп калды. Бизге кошулуп башка кызматтар жана опциялар жөнүндө маалымат алыңыз. MegaComдун жаңы сатуу жана абоненттерди тейлөө борбору өз кардарларын күнүгө дем алышсыз күтөт!” – деп, компаниянын Коммерция боюнча директору Руслан Мамыров меймандарды майрамдык маанайда кооздолгон жаңы СТБнын ичине кирүүгө чакырды.

Кошулууда жана балансты 50 же андан ашык суммага толуктоодо, бонустук 10 мүнөт жана төлөм категориясындагы номурларды кошуудагы 20 мүнөт алуу мүмкүнчүлүгү келген меймандарды өзгөчө кубандырды. Тейлөө борборунун квалификациялуу адистери ишке киришип, абоненттерди кабыл ала башташты. Борбор калаабыздын Киев 150/1 көчөсүндө жайгашкан көп функционалдуу тейлөө борбору кызматтардын толук түркүмүн көрсөтөт: келишим түзүү, төлөм кабыл алуу, кошулуу, чалуулардын деталдоосун берүү ж.б. Bishkek Park СКБда жайгашкан жаңы Сатуу жана абоненттерди тейлөө борбору өз кардарларын күнүгө дем алышсыз саат 10:00-дөн 22:00-гө чейин күтөт.

Фоторепортаж  
 

Сунушталган кызматтар

  • Киоск

    кызматы

  • more.tv онлайн-кинотеатры!

    кызматы

  • «Туулган күнгө белек»

    кызматы

  • Ким чалды?

    кызматы