Перейти на новый сайт

MegaCom тармактын каптоо аймагын кеңейтип жана сыйымдуулугун арттырууда

MegaCom тармактын каптоо аймагын кеңейтип жана сыйымдуулугун арттырууда

MegaCom тармактын каптоо аймагын кеңейтүүгө жана сыйымдуулугун арттырууга өзгөчө маани берет.

MegaCom компаниясы LTE стандартынын техникалык талаптарын эске алуу менен тармактын инфраструктурасын өнүктүрүү жана модернизациялоо боюнча алгылыктуу иштерди жүргүзүп келет.

Республиканын жалпы аймагы боюнча 3G базалык станцияларынын санын жогорулатуу маселеси компаниянын 2013-жылга карата планында каралган. Жаңы базалык станциялар HSPA+(маалыматтарды топтомдуу, жогорку ылдамдыкта берүүнү камсыз кылуучу, зымсыз жазы тилкелүү радиобайланыш) технологиясынын негизинде иштейт.

3G тармагынын сыйымдуулугун арттыруу менен, биринчи кезекте, абоненттерге бир эле убакытта Интернет жана башка мультимедиялык кызматтар менен колдонууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Кошумча ресурстардын жардамы менен колдонуучулар 21 МБ/сек. болгон ылдамдыктагы Интернеттен пайдалана алышат.

Үстүбүздөгү жылдын январь айында 3G тармагын кеңейтүү жана модернизациялоо Чүй, Жалал-Абад жана Баткен облустарында жүргүзүлдү:

  • Бишкек ш.– Ибраимов/Күрөңкеев, Токтогул/Үмөталиев көч. кесилиши;
  • Чүй обл. – Кара-Балта жана Токмок шаарлары; Кемин районунун Ильич айылынын ; Ысык-Ата районунун Үч-Эмчек жана Юрьевка айылдары; Аламүдүн районунун Виноградное айылы; Жайыл районунун Чалдыбар, Күрпүлдөк, Ставропавловка жана Жон-Арык айылдары; Панфилов районунун Кайыңды шаарчасы;
  • Жалал-Абад обл. – Ала-Бука районунун Ала-Бука айылы; Аксы районунун Кербен шаары;
  • Баткен обл. – Сүлүктү жана Кызыл-Кыя, Кадамжай районунун Кара-Дөбө, Үч-Коргон, Пүлгөн айылдары жайгашкан аймактар

2G тармагын кеңейтүүнүн жана жакшыртуунун эсебинен тармактын каптоосун кеңейтүү жана сыйымдуулугун арттыруу республиканын төмөнкү аймактарында жетишилген:

  • Бишкек шаарында ЖЭЦтин аймагы жана Токтогул/Үсөналиев, Байтик-Баатыр/Жантөшөв көчөлөрүнүн кесилиши;
  • Ош шаарында Арек айылындагы Облпотребсоюздун аймагы;
  • Ош облусунун Араван районундагы Акшар айылынын аймагы;
  • Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Ничке-Сай, Сары-Сөгөт, Кызыл-Ураан айылдарынын, Чаткал районундагы Каныш-Кыя айылынын, Ноокен районундагы Тоскоол айылынын, Базар-Коргон районундагы Дөш, Сайдыкум, Турпак-Коргон, Хажир-Абад, Чоң-Курулуш айылдарынын аймагы;
  • Чүй облусундагы Токмок, Кара-Балта шаарларынын, Ысык-Ата районундагы Үч-Эмчек айылынын, Москва районундагы Петровка, Көпүрө-Арык айылдарынын, Жайыл районундагы Алексеевка айылынын аймагы;
  • Баткен облусунун Лейлек районундагы Коммунизм (Ак-Арык) айылынын аймагы;
  • Нарын облусунун Кочкор районундагы Кара-Саз айылынын аймагы;

Тармактын иштөөсүн жакшыртуу жана өнүктүрүү иштери мобилдик Интернетке күндөн-күнгө өсүп жаткан сурамды канааттандырууга багытталган.

“2013-жылы 3G түйүнүн алдыңкы куруу темптерин улантуу менен бирге, Кыргызстандагы MegaComдун абоненттерине зымсыз мобилдик интернеттин ылдамдыгын жана ыңгайлуулугун баалоо мүмкүнчүлүгүн тартууламакчыбыз. Биринчи жарым жылдыкта ишке киргизүүгө пландаштырылган жаңы объектилерди куруу иштерине белсене кириштик”, - деп белгилеп өттү, корпоративдик байланыштар бөлүмүнүн жетекчиси Жылдыз Мамытова.

MegaComдун абоненттери, өлкөнүн алдыңкы уюлдук операторунун мобилдик интернетинин артыкчылыктарын баамдап, тарифтик опциялар түркүмүнөн ыңгайлуусун тандап ала алышат.
 

 

Сунушталган кызматтар

  • Мен чалдым/Мага чалышты

    кызматы

  • «Балдар кайда?»

    кызматы

  • «4 тил»

    кызматы

  • «Кийин төлөнүүчү Интернет роуминг»

    кызматы