Перейти на новый сайт

Ош шаарында MegaCom Кубогу үчүн мини-футбол боюнча I турнир болуп өттү

Ош шаарында MegaCom Кубогу үчүн мини-футбол боюнча I турнир болуп өттү

Ош шаарында дипломатиялык корпустун катышуусундагы мини-футбол боюнча турнир болуп өттү. MegaCom компаниясынын колдоосундагы мындай иш-чаралар улуттук оператордун “Mega Футбол” спорттук-социалдык долбоорунун алкагында байма-бай өткөрүлүп келет.

 

Турнирде бир катар эл аралык уюмдардын, чет элдик өкүлчүлүктөрдүн жана мекенибиздин түштүк аймагында өз ишмердигин жүргүзүп жаткан түрдүү дипмиссиялардын өкүлдөрү катышты. Мелдештердин башкы арбитри болуп берүүгө эл аралык категориядагы калыс Бахадыр Кочкаров чакырылды. MegaCom компаниясынын кызматкерлеринин курама командасы сыйлуу үчүнчү орунду ээлесе, алдыңкы орундарга болсо Ош шаарындагы ИИМдин командасы жана Кызыл Крест Комитетинин курама командалары татыктуу болушту.

MegaCom дене тарбия жана спорт тармагын көз жаздымында калтырбай, бул багыттагы ар кыл долбоорлорду колдоп келет. Баткен шаарындагы мини-футболдук талаанын курулушу, Токмок жана Талас шаарларындагы стадиондорду оңдоп-түзөө жумуштары дагы компания тарабынан колго алынмакчы. 2011-жылы Каракол шаарында курулган футболдук талаанын жергиликтүү футбол оюнунун күйөрмандарына тартууланышы, “Mega Футбол” долбооруна чыйыр салды десек жаңылышпайбыз. Долбоор алкагында Кыргызстандын жети дубанынан күчтүү командаларынын ортосунда турнирлерди жана Ата Мекендик эстрада жылдыздарынын ортосундагы достук беттешүүлөрдү өткөрүү пландаштырылууда.

MegaCom компаниясы – сергек жашоо, спорт жана келечектеги чемпиондор үчүн!
 

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    Раздай Wi-Fi

  • Услуга

    Сервисные и экстренные службы

  • Услуга

    «Международный доступ»

  • Услуга

    «I’m OK»

    im OK 1