Перейти на новый сайт
MegaCom компаниясы кыргызстандыктарды Ата Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктайт

MegaCom компаниясы кыргызстандыктарды Ата Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктайт

Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата, MegaCom компаниясы Ош шаарында 2024-чек ара бөлүгүнүн аскер кызматчылары үчүн майрамдык иш-чара уюштурду. Концерт “Бекер чалуу” акциясы менен коштолуп, анын жүрүшүндө жоокерлер бир туугандарына жана жакындарына акысыз телефон чалып чер жаза сүйлөшүп, интерактивдүү конкурстарга катышып эсте калаарлык белектерге ээ болушту.

Мындан тышкары, аймактарды өнүктүрүүгө багытталган корпоративдик социалдык жоопкерчиликтин алкагында, уюлдук мобилдик оператор Оштогу чек ара бөлүмүнүн аймагында жайгашкан “Түштүк” аскер ооруканасынын чатырын алмаштырып, капиталдык оңдоп-түзөө жумуштарын жүргүздү. Бул демилгеси аркылуу компания өз мекенинин коргоочуларына өзүнүн урматтоосун билдирди.

MegaCom компаниясы Кыргызстандын бардык жоокерлерин майрамы менен куттуктайт жана чың ден соолук, күжүрмөндүк каалайт!

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    «Где дети?»

  • Услуга

    «Безусловная регистрация в роуминге»

  • Услуга

    «Легкий шаг в MEGA»

  • Услуга

    «4 языка»