Перейти на новый сайт
Ош шаарында MegaCom компаниясы ММК өкүлдөрү үчүн тегерек үстөл өткөрдү

Ош шаарында MegaCom компаниясы ММК өкүлдөрү үчүн тегерек үстөл өткөрдү

Кечээ, 19-февралда Ош шаарында «“Аймактардын туруктуу өнүгүүсү үчүн коммерциялык компаниялар менен бирдиктүү иш-аракеттерди күчөтүү” темасында тегерек үстөл болуп өттү. Аймактык телеканалдардын, басмаканалардын, бир катар маалымат агенттиктердин жана медиа-борборлордун жетекчилери катышкан жолугушуу MegaCom компаниясы тарабынан уюштурулду.

Иш-чаранын жүрүшүндө, MegaCom компаниясынын PR–бөлүмүнүн жетекчиси Жылдыз Мамытова жолугушуунун максаттарын жана багыттарын кыскача баяндоо менен, тармакты техникалык жактан өнүктүрүү жана каптоо аймактарын кеңейтүү ири уюлдук оператордун ишмердигинин артыкчылыктуу багыттарынан болгондугуна карабастан, компания социалдык каржылоону көз жаздымда калтырбай келе жаткандыгын баса белгилей кетти.

«MegaCom бүгүнкү күндө – уюлдук байланыштын алдыңкы провайдери гана болбостон, жарандык коомдун керектөөлөрүн жана үмүт-тилектерин көз жаздымда калтырбай келет. Башкаларга жардам берүү менен алдыга илгерилөө компаниянын философиясынын маңызын түзөт. Сөзүбүз кургак болбосун үчүн, бул багытта компания жүргүзүп келе жаткан алгылыктуу иш-аракеттерди белгилей кетсек ашыкча болбос. Республика боюнча камкордукка муктаж болгон бир катар балдар үйлөрүнө көрсөтүлгөн жардамдар, аймактардын инфраструктурасын өнүктүрүүнү шарттаган иш-чаралар жана таланттуу жаштарды колдоо боюнча, билим берүү тармагына байланыштуу ишке ашырылып жаткан ийгиликтүү долбоорлор жана башкалар» - дейт өз сөзүндө Жылдыз.

Жолугушуунун катышуучулары ири бизнестин аймактарды өнүктүрүүгө кошуп жаткан салымын жана социалдык каржылоого байланышкан темаларды чагылдыруунун маанилүү маселелерин талкууга алышты. Аймактык ММК менен бизнес –коомдоштуктун ортосундагы тыгыз кызматташтык түзүү зарылдыгы учурдун талабы.

«Эки тараптуу кызыкчылыктарды көздөгөн мындай өнөктөштүк мамиленин келечегин аныктап, пайдубалын түптөө керек. Ар түрдүү спорттук иш-чараларды өткөрүү , аймактардагы мектептерди компьютерлештирүү, жаштардын татыктуу келечеги үчүн салым кошуу менен бизнес татыктуу маалымат булагы боло алат. Менимче, бул коомчулуктун калың катмары үчүн кызыктуу болот деп ойлойм, - деп белгилей кетти «Демге Дем» медиаборборунун директору Элима Жапарова. Бизнес-коомдоштук менен карым-катнаш түзүүдө практикалык жагдай эске алынышы керек. Бүгүнкү жолугушуу- кызматташуу жолдорун иштеп чыгууга мыкты өбөлгө болуп, келечектеги ишенимдүү мамилелерге чыйыр салат деген ишенимдемин.

Иш-чаранын жыйынтыгында, катышуучулар уюштуруучуларга ыраазычылык билдиришип, мындай багыттагы иш-чаралар аймактык массалык-маалымат каражаттарын өнүктүрүүнүн ыңгайлуу жагдайы боло алды.

Сунушталган кызматтар

  • «Жакын адамдар»

    кызматы

  • «Mega USSD»

    кызматы

  • «Видеочалуу»

    кызматы

  • «Ассистент»

    кызматы