MegaCom маалымдайт
Урматтуу абоненттер, байланыш сапатын жогорулатуу максатындагы техникалык жабдууларды кубаттандыруу иштерине байланыштуу (үн трафиги, SMS, MMS - билдирүүлөр, GPRS жана 3G ылдамдыгын жогорулатуу) бүгүн, 20-февралда төмөнкү аймактарда тармактын иштөөсүндөгү убактылуу мүчүлүштүктөр болушу күтүлүүдө:
- Чүй облусунун Темен-Суу, Панфиловка, Петропавловка, Новониколаевка, Ставропавловка, Алексеевка, Ак-Башат, Кайырма, Сосновка, Тельман айылдары;
- Кара-Балта шаарынын Центральная, Шопоков жана Кожомбердиев көчөлөрү жайгашкан аймактар камтылат.
Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.
Урматтоо менен, MegaCom компаниясы