Перейти на новый сайт

14- февраль күнү MegaCom ашыктык отун жандырат!

14- февраль күнү MegaCom ашыктык отун жандырат!

 

Жан дүйнөгө жылуулук тартуулаган сүйүү күнүнө карата, MegaCom компаниясы, бардык кыргызстандыктарды майрамдык маанайда компаниянын кооздолгон тейлөө борборлоруна келип, өткөрүлө турган атайын акциянын катышуучусу болууга чакырат.

Акциянын бардык катышуучулары, MegaComдун кеңешчилеринин жардамы менен “Сүйүктүү номур” же “Бактылуу номур” тарифтик опцияларынын бирин акысыз кошуп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

“14-февраль – айланаңды жан эргиткен жылуу сезимдер курчаган ушул күнү, көз ирмемде ашыктык отуна кабылып калууга болот. Мен дагы сапаттуу байланышы жана ар бир абонентке кылган жылуу мамилеси үчүн ишенимдүү досум, MegaCom компаниясына өз арзуумду арнагым келет”, - деди MegaCom компаниясынын абоненти Юлия Казакова.

SMS, MMS-билдирүүлөр жана «Сүйүктүү номер» же «Бактылуу номер» аркылуу сиздин жан-дүйнөңүздөн чыккан сезимдериңиз сиз каалаган адамды табат.

Маалымат: Борбор калаабыздын Чыгыш-5 кичи районундагы, "ЦУМ-Айчүрөк”, “Vefa Center”, “Beta Stores – 2” соода борборлорундагы, “Дордой” базарындагы жана “Манас” эл аралык аэропортундагы Сатуу жана абоненттерди тейлөө борборлору баардык кардарлар үчүн махабат сезимдерине жык толгон көз ирмемдерди тартуулайт. MegaCom компаниясынын бардык СТБ даректери тууралуу маалыматты компаниянын расмий сайтынан алууга болот.

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    «Интернет роуминг»

  • Услуга

    «4G Wi-Fi роутер MegaCom»

  • Услуга

    MegaCom Wi-Fi (КГТУ)

  • Услуга

    «Переадресация вызова»