Перейти на новый сайт

MegaCom компаниясы кышкы эс алууну сүйүүчүлөргө “MegaStart” спорт мелдешин уюштурду

MegaCom компаниясы кышкы эс алууну сүйүүчүлөргө “MegaStart” спорт мелдешин уюштурду

Өлкөбүздүн алдыңкы уюлдук оператору, кыргызстандыктар өлкөбүздүн кайсы гана булуң бурчунда болбосун, аларга дайым сапаттуу жана ишенимдүү байланыш кызматын тартуулоого умтулат.

Маселен өткөн жекшемби күнү, “ЗиЛ” тоо лыжа базасынын аймагында, MegaCom компаниясынын жаңы базалык станциясынын ачылышы болуп өттү. Эми, кышкы эс алуу жана спорт сүйүүчүлөрү, жылгаяк аралыктарды өтүүдө жарышып, өздөрүнүн жеңиштери менен жакындарына байланышып жагымдуу кабар менен ыкчам бөлүшүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Ал эми, жылгаякчылардын жогорку ылдамдыктагы муз тебип тоодон түшүшү “MegaStart” иш чарасынын кульминациясы болду.

Жеңишке умтулуп, курч таймашууга катышып, мыкты көрсөткүчтөргө ээ болгон, лыжа жана сноуборд жылгаякчыларына, MegaCom компаниясынан жагымдуу белектер тартууланган. Сандерова А., Банченко Р., Яров И., Абрамов В. жана Мырзабекова Н., аттуу жарандар, эс алуу базасында сунушталган кызматтардан пайдаланып, муз тебүүгө жана курорт мейманканасында эки күн акысыз жашаганга жолдомо утуп алышты. Ошондой эле SIM-картаны (Ыкчам Интернет) камтыган USB-модемдин, фирмалык ором-баштыгынын, чөйчөктөрдөн жана чайдандан турган жол топтомунун, футболкалардан жана календарлардан турган атайын белектердин ээлери болуп табылган.

“MegaCom компаниясы, белгилүү тоо лыжа базасынын аймагын, 3G байланышы менен камсыздаган алгачкы уюлдук оператор. Мындан тышкары, телефонунун аккумуляторлорун дүрмөттөөгө муктаж болгон меймандар үчүн, атайын Charger дүрмөттөгүчү орнотулган. Эми абоненттер дайым байланышта боло алышат. Жогорку ылдамдыктагы маалымат өткөрүү, заманбап абоненттин негизги талабы экени шексиз. Ошол себептен компания, жогорку ылдамдыктагы маалымат берилмелер чөйрөсүнө алдыңкы технологияларды киргизүүнү улантып келет”, - деп белгиледи, корпоративдик байланыштар бөлүмүнүн жетекчиси Жылдыз Мамытова.

MegaCom – спорт үчүн, сергек мүнөздөгү жашоо үчүн!

Сунушталган кызматтар

  • MegaTV

    кызматы

  • «Роумингде балансымды толукта»

    кызматы

  • «Даректөөгө тыюу салуу»

    кызматы

  • MEGOGO

    кызматы