Перейти на новый сайт
MegaCom компаниясы “Кыргызстандын билим берүү тармагындагы IT-чечимдер” форумунда катышты

MegaCom компаниясы “Кыргызстандын билим берүү тармагындагы IT-чечимдер” форумунда катышты

MegaCom компаниясы, “Кыргызстандын билим берүү тармагындагы IT-чечимдер” форумунда өзүнүн “Mega Билим” билим берүү долбоору менен катышуучуларды тааныштырды.

Долбоор республиканын алыскы айыл мектептерин компьютерлер менен камсыздап, окуучулардын компьютердик сабаттуулугун жогорулатып, аларга интернет менен пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берүү менен окуучулардын билим сапатын өстүрүүгө багытталган.

Бүгүнкү күндө өлкөнүн 84 орто мектеби класс-комплектери менен камсыздалып, азыркы учурда окууга шарт түзгөн контент: видеосабактар, аудиокитептер, вебинарлар жана онлайн конференциялар менен толтуруу каралууда. Презентациянын жыйынтыгы боюнча талкуулоонун эң жигердүү катышуучуларына уюлдук оператор тарабынан азембелектер тартууланды.

Билим берүү тармагындагы жаңы технологияларды жана иштелмелерди талкуулоо максатында, “Манас” Кыргыз Түрк Университетинин имаратында, мамлекеттик мекемелердин, билим берүү жана академиялык чөйрөнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда, маалымат технологиялары тармагынын ошондой эле ири эл аралык жана өлкөбүздүн компанияларынын өкүлдөрү жолугушту. Форумда жаңы IT-өнүмдөрдүн бет-ачары болуп, Кыргыз Республикасындагы билим берүү мекемелерине жаңы инновациялык технологияларды киргизүү жана өнүктүрүү маселеси каралган.

Көңүл буруңуз: Форумдун уюштуруучулары тарабынан жарыяланган конкурстун алкагында, социалдык тармактардагы мыкты баяндоочуга, MegaCom компаниясынан акысыз интернет-трафик белекке тартууланат.

Сунушталган кызматтар

  • Алдын ала төлөө картасынын статусун текшерүү

    кызматы

  • «Кара тизме»

    кызматы

  • «Мобилдик айлык акы»

    кызматы

  • NITRO

    кызматы