Перейти на новый сайт
MegaCom маалымдайт

MegaCom маалымдайт

“Альфа Телеком” ЖАК (MegaCom соода белгиси), 2013-жылдын 5-февралынан тарта, “Экинчи дем” тарифтик опциясынын шарттары жөнөкөйлөтүлгөнүн маалымдайт:

  • Түйүндө 24 айга чейин тейленип жүргөн жашыруун абоненттер жана 12 айга чейин келишимдик негизде кызматтан пайдаланып жүргөн абоненттер үчүн насыянын максималдуу суммасы 10 сомго көбөйүп, 40 сомду түзөт; 
  • Кызматтан пайдаланууну жеңилдетүү максатында, насыянын суммасын тандап алуу функциясы жокко чыгарылат. Эми кызматка кошулууда, насыянын максималдуу өлчөмү берилет;
  • Аталган күндөн тарта, кызматка кошулуу наркы 30 сомду түзөт. Каражат бир жолу гана алынат жана кайрадан кайтарылбайт;
  • Мурда “кепилдик төлөм” катары, 30 сом өлчөмүндө салган абоненттерден акча каражат кызматка кошулуу катары алынат;
  • Насыянын комиссиясы, ар сурам жөнөтүп, насыя алуу үчүн 1 сом түзөт.

Алгач жолу *400*10*5# жана *400*10*1# USSD-сурамдарын аткарууда, бир убакытта эки аракет аткарылат: автоматтык түрдө берилүүчү насыяга кошулуу жана кызматка кошулуу наркы алынат (30 сом).

“Экинчи дем” кызматы, MegaComдун абоненттеринин балансында каражат түгөнүп калган маалда, каалаган байланыш кызматынан пайдалануу үчүн келечек төлөм эсебинен, өз эсебине насыя алууга мүмкүндүк берет

Сунушталган кызматтар

  • «Унутулган телефон»

    кызматы

  • «Чалууларды жана SMSтерди чектөө»

    кызматы

  • MegaCom Wi-Fi

    кызматы

  • «Жетишсиз баланс тууралуу маалымдоо»

    кызматы