Перейти на новый сайт

Сочиден ийгилик менен кайткан «Тамашоу» демөөрчүсүнө ыраазычылык билдирди

Сочиден ийгилик менен кайткан «Тамашоу» демөөрчүсүнө ыраазычылык билдирди

26-январда жыйынтыкталган "КиВиН-2013" фестивалынан мекенине ийгилик менен кайткан «Азия Mix» командасы Жогорку Лигада, ал эми «Тамашоунун» жигиттери Премьер-лигада өз күчүн сынашмакчы.

КВН телевизиондук оюнуна, биринчилерден болуп, Кыргызстандын атынан катышып жаткан шайыр тапкычтардын Премьер лигадагы жана Жогорку лигадагы таймашын эми сыналгыдан көрүүгө болот , ал эми эң мобилдүү күйөрмандар болсо Интернеттен онлайн режимде көрө алышат.


“Тамашоу” лигасын жетектеген Эрмек Нурбаев, ийгилик менен кайткан эки командага демөөрчүлүк кылган MegaCom компаниясынын башкы директорунун милдетин аткаруучу Азат Базаркулов менен жолугушуп, «АМиК» - фестивалды уюштуруу комитетинин ыраазычылык катын тапшырды.

Бизге колдоо көрсөтүп, келечектеги кызматташууга ишеним отун жандырган MegaCom компаниясына өзгөчө ыраазыбыз. Алдыдагы эки жыл ичинде биз Жогорку лигага жетүүгө аракет кылабыз. Белгилей кетүү керек, биз алгачкы жолу мындай деңгээлдеги фестивалга барып Премьер-лигага катышууга мүмкүнчүлүк алдык, бул абдан жакшы саамалык. Премьер лигага чейин 20дан ашык аймактык масштабдагы лигалардан өтүү баардыгынын эле колунан келе бербесе керек ”, - деп кошумчалай кетти Эрмек Нурбаев.

“Команда өзгөчөлөнгөн динамикасы менен башкалардан айырмалангандыктан “Тамашоу” тартуулаган тамаша көрүүчүнү зериктирбейт. Ар бир оюнчу ажайып мозаиканын бир боегу сымал, команданы толуктап турат. “Тамашоу” командасы мекенибизде эле эмес коңшу Казакстанда да таанымал, эми жалпы КМШ өлкөлөрүнө өнөрлөрүн көрсөтүшөт, жаш оюнчуларыбыздын өнөрү өркүндөй беришине тилектешмин”,- .- дейт өз сөзүндө MegaCom компаниясынын башкы директорунун милдетин аткаруучу Азат Базаркулов.

Эске сала кетели, MegaCom компаниясы мекенибиздин курама командаларына расмий өнөктөш болуп , демөөрчүлүк кылган.

MegaCom- жаңы мүмкүнчүлүктөр убактысы!
 

Сунушталган кызматтар

  • «Толукта жана утуп ал» викторинасы

    кызматы

  • «Амедиатека»

    кызматы

  • «Ачык эсеп. Эскертүү чеги»

    кызматы

  • «Досумдун эсебинен чалуу»

    кызматы