Перейти на новый сайт

MegaCom компаниясынын дарегине Баткенден ыраазычылык кат

 MegaCom компаниясынын дарегине Баткенден ыраазычылык кат

Ыраазычылык кат Баткендеги мектеп –интернаттын директору Рабия Джураеванын атынан келди.

«Мектеп-интернаттын жалпы жамааты сиздерге өз ыраазычылыгын билдирет. Сиздер тарабынан көрүлүп жаткан камкордуктун, жасалып жаткан алгылыктуу иштердин, бизге болгон астейдил мамиленин биз үчүн мааниси зор. Биз үчүн ырайымдуулуктун өчпөс шамын жандырып келесиздер. Сиздерге чың ден соолук, бакыт-таалай жана ийгиликтерди каалайбыз» - деп айтылат билдирүүдө.

Жаш жеткинчектер жана калктын колдоого муктаж катмары, ар дайым MegaCom уюлдук операторунун көңүлүнүн борборунда экендигин, компаниянын ушул багытта жүргүзгөн иштери далилдеп келет.

Компания сапаттуу байланыш кызматтарын көрсөтүү менен гана чектелбестен, социалдык көйгөйлөрдү да көз жаздымында калтырбай, өлкөнүн туруктуу өнүгүшүнө өз омоктуу салымын кошуп келет. Компаниянын бизнес-философиясынын маңызы-башкаларга жардам берүү менен алдыга кадам таштоо.

Сунушталган кызматтар

  • Нумеролог

    кызматы

  • «Видеочалуу»

    кызматы

  • «MegaCom 4G Wi-Fi роутери»

    кызматы

  • «4G Wi-Fi Wingle MegaCom»

    кызматы