Перейти на новый сайт
Ош облусундагы Кыргыз-Чек айылынын окуучулары, MegaCom тартуулаган заманбап компьютердик класста билим алышууда

Ош облусундагы Кыргыз-Чек айылынын окуучулары, MegaCom тартуулаган заманбап компьютердик класста билим алышууда

Ош облусунун Кыргыз-Чек айылынын Сыдык Алайчы уулу атындагы №87 орто мектебинин окуучулары, «Mega Билим» билим берүү долбоорунун алкагында, MegaCom компаниясы тарабынан тартууланган компьютерлерге ээ болушту.

«Өлкөбүздүн эң алыс жайгашкан аймактарындагы мектептерди компьютерлер менен жабдуу боюнча алгылыктуу иштерди жүргүзүп келе жаткан компания, бул багытта, алдыга коюлган пландарын аяктоонун алдында. Бүгүн 91- мектепти жабдысак, келечекте дагы 52 мектеп өз кезегин күтүшүүдө. Кенже класстын окуучуларына ага-эжелеринен үлгү алып жалаң гана беш деген бааларга окууну каалар элем. Келечекте алган билимдеринин үзүрүн сөзсүз көрүшөт»- деген ишеничин компаниянын башкы директорунун милдетин аткаруучу Азат Базаркулов билдирди.

Салтанаттуу иш-чара мектептин мугалимдер жана окуучулар жамаатынын күчү менен уюштурулган концерт менен коштолду. Мектеп директору Алтымыш Топчубаев өз сөзүндө: «Мен жетекчи катары мугалимдер жамааты жана негизгиси балдар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып бергениңиздер үчүн кубанычтамын. MegaCom компаниясынын көмөгү менен жаш жеткинчектерибиз келечекке мезгил талабына шайкеш кадам таштамакчы» деген каалоосун айтты.

Компания компьютерлерди жана эмеректерди гана эмес, дүйнө желесине чыйыр салган “Ылдам Интернет” тарифтик планы, заманбап техникалык жана программалык камсыздоо жабдуулары менен камсыз кылганына, өз ыраазычылыгын билдирген информатика мугалими: “Эми, мугалимдер сабак окутуунун усулдары менен таанышып өз тажрыйбаларында колдоно алышат. Бул болсо билим сапатын жогорулатуунун өбөлгөсү”деген ою менен бөлүштү.

MegaCom – жаңы мүмкүнчүлүктөр убактысы!

Сунушталган кызматтар

  • E-mail дарекке деталдоо

    кызматы

  • «Чакыруунун дарегин жаңыртуу»

    кызматы

  • MegaCloud булутта сактагычы

    кызматы

  • «Спорт порталы»

    кызматы