Перейти на новый сайт
MegaCom тармакты өнүктүрүүгө олуттуу кадам таштоодо

MegaCom тармакты өнүктүрүүгө олуттуу кадам таштоодо

Өткөн жылдын декабрь айында, MegaCom компаниясы тармактын каптоо аймагын кеңейтүү жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу боюнча иштиктүү кадамдарды жасады. Базалык станциялардын саны арбып, буга чейин 1300 базалык станция болсо, компаниянын техникалык дирекциясы тарабынан GSM900/1800 стандартындагы 24 базалык станция ишке киргизилди. Ош жана Бишкек шаарларында сигналдын туруктуулугун бекемдөө максатында масштабдуу иштер аткарылып, мындан улам аталган шаарлардын айрым аймактарында тейлөө сапатынын жакшыргандыгын белгилей кетүүгө болот.

  • Бишкек шаары-Ош базары жана Ибраимов / Күрөңкеев көчөлөрүнүн кесилиши;
  • Ош шаары- Карл Маркс, Салиев, Кара-Суу, Привокзальная, Верхняя-Уламская, Маматжан, Аттокур Маматкаримов, Рашид Юнусов, Раззаков, Курчатов, Ермак көчөлөрү, Сулайман-Тоо жана Западный кичи райондору ошондой эле аэропорт жайгашкан аймак.

Ири шаарлар жана райондук борборлордон тышкары , жергебиздин алыс жайгашкан айылдары да көз жаздымда калган жок. Мисалга алсак:

  • Чүй облусу – Жайыл районунун Жон- Арык, Федоровка, Кайырма; Чүй районунун Советское жана Дөң-Арык; Сокулук районунун Раздольное айылдары;
  • Нарын облусу – Миң-Куш шаарчасы, Жумгал районунун Сары-Булуң айылы.
  • Ош облусу – Араван районунун Тепе-Коргон, Чоң-Алай районунун Карамык; Алай районунун Сопу-Коргон, Гүлчө, Жар-Кыштак, Жардык, Тогуз-Булак айылдары;
  • Жалал-Абад облусу – Ала-Бука районунун Жалгыз-Өрүк, Көк-Таш, Орто-Суу; Чаткал районунун Терек-Сай шаарчасы; Аксы районунунун Кызыл-Капчыгай ; Базар-Коргон районунун Көктөндү(Правда), Арсланбаб; Сузак районунун Алмалуу-Булак, Карамарт, Каду, Акчалуу айылдары камтылды.

Кыргызстандагы №1 уюлдук оператор - MegaCom компаниясы 2013-жылдын соңуна чейин калктын 95 пайызын сапаттуу байланыш менен камсыз кылуу үчүн, базалык станциялардын санын көбөйтүү менен бирге эле, өлкө аймагын 3.75G үчүнчү муун байланышы менен толук каптоо жана тармактын сыйымдуулугун жогорулатууга басым жасамакчы. Мындай багыттагы иш-аракеттер, 2012-жылдын декабрь айында башталып, төмөнкү аймактарды кучагына алды:

  • Бишкек шаары - Дордой, Кызыл-Аскер калктуу конуштары, 7-кичирайону, Аламүдүн базары, Чокморов/Жаш-Гвардия, Тимур Фрунзе/Гагарин көчөлөрүнүн кесилиштери, Курманжан Датка көчөсү жайгашкан чөлкөм;
  • Ысык-Көл облусу - «Каракол» тоо лыжа базасы;
  • Чүй облусу -Аламүдүн районунун Новопокровка айылы, Токмок шаары;
  • Ош облусу- Араван районунун Араван, Кочубаев, Тепе-Коргон, Янги-Абад айылдары;
  • Ноокат районунун Ноокат шаары жана Жаңы-Ноокат айылы;
  • Баткен облусу- Баткен шаары.

Сунушталган кызматтар

  • «Жакын адамдар»

    кызматы

  • «Спорт порталы»

    кызматы

  • VoLTE

    кызматы

  • «USSD-меню: Мобилдик портал»

    кызматы