Перейти на новый сайт

Орловкадагы балдар үйүндө жаңы жылдык кече өттү

Орловкадагы балдар үйүндө жаңы жылдык кече өттү

Жаңы жыл босогосунда MegaCom компаниясы Чүй облусунун Орловка айылындагы «Нурмээайса» балдарды убактылуу кароочу борборунда болуп кайтты.

Аяз атаны, Аяз кызды жана компания өкүлдөрүн чыдамсыздык менен күтүп жаткан бөбөктөр өз өнөрлөрүн көрсөтүүгө ашыгып жатышты. Кенже топтогулар чогулгандарга жаттаган ырларын айтып беришсе, улук топтун тарбиялануучулары болсо дүйнө элдеринин бийлерин бийлеп жатышты.

Жагымдуу маанайга бөлөгөн оюн-зоок таттуу белектерди таратуу менен аяктады.

«Келе жаткан жаңы жылда жалаң 5 деген бааларга окуңуздар, ал эми мектеп босогосун аттай элек жеткинчектер ага-эжелеринен үлгү алышсын. Ынтымактуу үй-бүлөңүздөрдүн баардык мүчөлөрүнө чың ден соолук, бакубат жашоо бакыт-таалай каалайм!» - деди компаниянын башкы директорунун милдетин аткаруучу Азат Базаркулов.

Майрамга карата , компания тарабынан , республикадагы шефтикке алынган балдар үйлөрүнүн бардык тарбиялануучулары үчүн белектер даярдалды. “Нурмээайса” балдарды убактылуу кароочу борборунун, “Ак-Байрак” реабилитациялык борборунун, Жалал-Абаддагы психоневрологиялык балдар үй-интернатынын, Сүлүктүдөгү мектеп-интернатынын жана Покровкадагы ден-соолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар үй-интернатынын 338 тарбиялануучусуна сандыкчалардагы таттуу момпосуйлар тартууланды.

MegaCom компаниясынын социалдык өнөктөштүк ишмердүүлүгүнүн алкагында, 2 -топтун майыбы Анастасия Клименко тарабынан тигилген атайын жылуу шымдар Покровка мектеп-интернатынын тарбиялануучуларына берилди.

Окуя болгон жерден сүрөт баян.

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    «Безусловная регистрация в роуминге»

  • Услуга

    «IP Звонок»

  • Услуга

    Онлайн-кинотеатр Этномедиа

  • Услуга

    Доверительный платеж