MegaCom Норвегияда GPRS-роумингди ишке киргизди
Кыргызстандын алдыңкы уюлдук оператору Норвегиянын Mobile Norway операторунун тармагында GPRS роумингин киргизди.
Жашоосун саякатсыз элестете албаган MegaCom абоненттери, эми роумингде чалууларды аткаруу, смс-билдирүүлөр менен алмашуу менен гана чектелбестен, мобилдик Интернет менен пайдаланып жана компаниянын башка абоненттери менен MMS-билдирүүлөр менен дагы алмаша алышат.
“MegaCom Кыргызстандагы №1уюлдук оператор катары коомчулукка таанымал. Бүгүнкү күндө, 2,5 миллиондон ашуун абонентке өз кызматтарын көрсөтүп жана дүйнө жүзү боюнча 150ден ашуун оператор менен роуминг чөйрөсүндө кызматташып келүүдө”, -деп маалымдады роуминг жана интерконнект бөлүмүнүн жетекчиси Раушан Белекова.
Кызматтар боюнча тарифтер, өлкөлөрдүн жана өнөктөш - операторлордун тизмеси менен MegaComдун сатуу жана абоненттерди тейлөө борборлорунан жана компаниянын расмий сайтынан таанышууга болот.