Перейти на новый сайт
Каракол тоо лыжа базасынын жаңы сезону кулач жайды

Каракол тоо лыжа базасынын жаңы сезону кулач жайды

Өткөн дем алыш күндөрү MegaComдун туусу алдында Караколдун тоо лыжа базасында лыжа тебүү сезонунун ачылышы өттү. Чогулгандар түрдүү конкурстарга күбө болуп, байгелерге, белектерге ээ болушту.

Иш-чаранын эң кызыктуу бөлүгү тоо лыжа спортундагы гиганттык слалом түрү боюнча массалык мелдештин жеңүүчүлөрүнө арналган майрам болду. Ага каалоочулардын бардыгы, жаш өзгөчөлүгүнө карабай балдардан чоңдорго чейин бирдей катышышты.

Катышуучулар өз чеберчилигин көрсөтүүнүн аракетинде болуп, тоскоолдуктарды көзгө илбестен, аралыкты жогорку ылдамдыкта багындырып жатышты. Жеңишке жетишкендер атайын беткаптар, колкаптар, бут кийим салуучу баштыктар менен сыйланышты. Спорттук иш-чаранын башкы демөөрчүсү - MegaCom компаниясы иш-чараны уюштурууга жана мелдештердин байге кору үчүн бөлүнүп берилген 70 000 сом өлчөмүндөгү акча каражатынан тышкары дагы, активдүү катышуучуларды жана конкурстардын жеңүүчүлөрүн өзүнчө атайын белектерди ыйгарды.

MegaCom – спорт жана сергек жашоо үчүн!

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    «Роуминг на морских судах»

  • Услуга

    Онлайн-кинотеатр START

  • Услуга

    Постоплатный Интернет-роуминг

  • Услуга

    MegaKassa